Франциянын Улуттук ассамблеясы 15 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну караган мыйзам долбоорун колдоду. Le Figaro басылмасынын маалыматына караганда, документти 130 депутат колдоп, 21 парламентарий каршы добуш берген.
Эми мыйзам долбоору жакынкы апталарда Сенатта каралат. Бул тууралуу Франциянын санариптик технологиялар боюнча министри Анн Ле Энанфф билдирди.
Долбоордо мектептерде жана колледждерде буга чейин колдонулуп келе жаткан уюлдук телефондорго тыюу салуу чарасын дагы бекемдөө каралган. Бийлик өкүлдөрү мындай чектөөлөрдү балдарды зыяндуу контенттен, экранга көз карандылыктан, интернеттеги кордоо жана куугунтуктоолордон коргоо зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.
Эгер мыйзам толук кабыл алынса, Франция социалдык тармактарды колдонууга жаш курактык чек киргизген Европадагы алгачкы өлкө болуп калат. Бул демилгени өлкө президенти Эмманюэль Макрон да колдоп, мыйзамды ыкчам тартипте кабыл алууга чакырды.
«Балдарыбыздын мээси сатылбайт. Америкалык платформаларга да, кытайлык тармактарга да эмес», — деп жазган Макрон X социалдык тармагында.
Белгилей кетсек, Франция буга чейин да жашы жете электер үчүн санариптик чөйрөдөгү чектөөлөрдү киргизүүгө аракет кылган. Тактап айтканда, 2023-жылы 15 жаштан баштап «санариптик жетилүү» киргизүү демилгеси көтөрүлгөн, бирок ал Евробиримдиктин мыйзамдарына каршы келгени үчүн ишке ашпай калган.

