Күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлордун учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуудагы стратегиялык мааниге ээ болгон «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулуш долбооруна бурулду.
Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке ашырууну андан ары каржылоого даяр экендигин тастыктады. Долбоорду жүзөгө ашырууда экологиялык жана социалдык аспектилерди сактоо, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн эл аралык стандарттарын кармануу негизги талап катары белгиленди.
Мындан тышкары, жолугушууда Борбор Азиянын аймактык интеграциясын жана электр энергиясынын соодасын өнүктүрүүгө багытталган REMIT долбоору да талкууланды. Бул долбоор Жалал-Абад облусунун электр тармактарын чыңдоого, аймактык электр соодасын кеңейтүүгө жана Борбор Азиядагы энергетикалык инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аймактык энергетикалык кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча ачык жана конструктивдүү кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.


