Башкы беткеЭл аралык мамилеКыргызстан менен Албания ар тараптуу кызматташтыкты активдештирет

Кыргызстан менен Албания ар тараптуу кызматташтыкты активдештирет

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Албаниянын Кыргызстандагы элчиси Блерта Кадзадеждин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды мындан ары ар тараптуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле эки өлкө аталган багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экендиктерин билдирип, мамилелерге мазмундуу жана динамикалуу мүнөз берүү ниетин ырасташты.

Мындан тышкары, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кошумча дем бере турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы сапарларды даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар