Башкы беткеМаанилүү“Асман” шаарын куруу долбоорун кытайлар ишке ашырмакчы

“Асман” шаарын куруу долбоорун кытайлар ишке ашырмакчы

Кытайдын China Construction Company компаниясы экологиялык таза “Асман” шаарын куруу долбоорун ишке ашырууга катышууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Улуттук инвестициялар агенттиги маалымдады.

Пекин шаарында Кыргызстандын Улуттук инвестициялар агенттиги, “Асман” шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция жана China Construction Company ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке ылайык, тараптар инвестициялык, инфраструктуралык жана курулуш багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ошондой эле туруктуу өнүгүү стандарттарына ылайык курулуп жаткан Asman City — “акылдуу шаар” долбоорунда заманбап технологияларды колдонуу боюнча өз ара иш алып барууну макулдашышты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар