Башкы беткеМаанилүүМайлуу-Сууда “Туруктуу туризм аркылуу шаардын өнүгүүсү” форуму өттү

Майлуу-Сууда “Туруктуу туризм аркылуу шаардын өнүгүүсү” форуму өттү

2025-жылдын 16–17-октябрында Майлуу-Суу шаарында “Туруктуу туризм аркылуу Майлуу-Суу шаарынын өнүгүүсү – Унутулган шаарларды жандандыруу” аттуу форум болуп өттү. Иш-чараны Майлуу-Суу шаардык мэриясы жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси БУУӨП жана Европа Биримдигинин колдоосу менен уюштурду.

Форумдун негизги максаты — мурда уран өндүрүшү менен белгилүү болгон Майлуу-Сууну экологиялык жана экономикалык жактан кайра жандандыруу, туруктуу туризмди өнүктүрүү аркылуу шаардын аброюн жогорулатуу болду.

Президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Майлуу-Сууну оор экологиялык мурасты жеңип, туруктуу өнүгүүнүн үлгүсүн көрсөтүп жаткан шаар катары белгиледи.

Иш-чарада туризмди, экологияны, органикалык өндүрүштү жана ишкердикти өнүктүрүү багыттарындагы демилгелер талкууланды. Катышуучулар “Сити-тур — ‘Өтө жашыруун’ грифи бар шаар” экскурсиясына катышып, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн көрүштү.

Форумдун жыйынтыгында Майлуу-Суунун туристтик потенциалын 2030-жылга чейин өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар