Башкы беткеМаанилүүIV Элдик курултайдын мөөнөтү жылды

IV Элдик курултайдын мөөнөтү жылды

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайды өткөрүү тууралуу жарлыгына өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, курултай мурда белгиленген 22-декабрдын ордуна 25-декабрда өтөт. Иш-чарага 700 делегат катышары белгиленди.

Эске салсак, 2024-жылы өткөн үчүнчү Элдик курултайга 698 делегат катышкан. Алардын 539у эркек, 161и аял болгон. Ошондой эле жыйынга ар кайсы өлкөлөрдөгү кыргыз диаспорасынын 30 өкүлү — Орусия, АКШ, Канада, Түркия, Германия, Түштүк Корея, Казакстан, Чехия, Италия жана Улуу Британиядан келген.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылдын 24-июлунда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын жалпы саны 1070тен 700гө чейин кыскартылган. Элдик курултайдын биринчи жыйыны 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылдын декабрында өткөн.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар