Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыРоссия Кубага гуманитардык негизде мунай жеткирет

Россия Кубага гуманитардык негизде мунай жеткирет

Россия жакынкы убакта Кубага мунай жана мунай продуктыларын гуманитардык жардам катары жөнөтөт.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу орусиялык Известия басылмасы РФтин Гаванадагы элчилигине шилтеме берүү менен жазды. Дипломаттардын айтымында, жеткирүү жакын арада ишке ашырылат.

Акыркы мезгилде Кубада күйүүчү майдын тартыштыгы күчөп, өлкөнүн экономикасына жана калктын жашоосуна олуттуу таасирин тийгизүүдө. Электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, суу менен камсыздоо бузулуп, айрым мейманканалар жабылган. Ошондой эле авиациялык күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам эл аралык авиакомпаниялар каттамдарын токтотуп жатышат.

Куба бийлигинин маалыматына караганда, кырдаал АКШ президенти Дональд Трамп мунай жеткирген өлкөлөргө бажы төлөмдөрүн киргизүү коркунучу тууралуу билдирүү жасагандан кийин курчуп кеткен.

Эксперттердин пикиринде, Россиянын гуманитардык жардамы өлкөдөгү энергетикалык кырдаалды убактылуу турукташтырууга көмөк көрсөтүшү мүмкүн.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар