Башкы беткеСоциалдыкЧүйдө тери иштетүүчү ири завод курулууда

Чүйдө тери иштетүүчү ири завод курулууда

1-апрелде “Асыл Тери” ЖЧКсынын заманбап тери иштетүүчү заводунун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Чүй агроөнөр жай зонасында 103 гектар аянтта ишке ашырылууда. Жалпы инвестиция көлөмү 12 млн долларды түзсө, анын 5 млн доллары мамлекет тарабынан каржыланууда.

Курулуш аяктагандан кийин ишкана суткасына 24 тоннага чейин чийки тери иштетет. Бул мурда колдонулбай ташталган бодо малдын жана башка жандыктардын терисин кайра иштетип, бут кийим жана тиричилик буюмдарын чыгарууга шарт түзөт.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар