26-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева менен Илимбек Кубанычбеков Баткен жана Ош облустарындагы бир катар мектептерде өткөн “Акыркы коңгуроо” салтанаттарына катышышты. Бул тууралуу Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Камила Талиева Баткен районундагы Самаркандек жана Ак-Татыр айылындагы мектептерге барып, бүтүрүүчүлөр менен баарлашты. Ал бүтүрүүчүлөрдү келечекке ишеним менен кадам таштоого үндөп, мектептерге заманбап компьютерлерди белекке тапшырды. Ошондой эле мыкты мугалимдерге “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамоталарды ыйгарды.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы мектептерде “Акыркы коңгуроо” иш-чараларына катышкан депутат Илимбек Кубанычбеков да бүтүрүүчүлөргө билимдин, эмгектин жана максатка умтулуунун маанисин баса белгилеп, аларга ийгиликтерди каалады.
Жаш муунду тарбиялоого кошкон салымы үчүн агартуучуларга ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин Төрагасынын ыраазычылык каты жана Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталарын тапшырды.