Башкы беткеЖогорку КеңешДепутат Кыргызстандын түштүгүндө паспорт чыгаруу үчүн басмакана ачууну сунуштады

Депутат Кыргызстандын түштүгүндө паспорт чыгаруу үчүн басмакана ачууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бекмурза Эргешов жарандык паспортторду өлкөнүн түштүгүндө да берүүнү суранды.

Анын айтымында, Бишкекте шашылыш паспортту үч саатта алууга мүмкүн болсо, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эки күндөн кем эмес, алыскы райондордо сегиз күндөн кем эмес убакыт талап кылынат.

Депутат 2024-жылы бул үч облустан паспорт алуу үчүн 240 миңден ашык арыз түшкөнүн, бул республика боюнча жалпы кайрылуулардын 40 пайыздан ашыгын түзөрүн айтты. Депутат белгилегендей, бул сандар түштүктө басмакана ачуу зарылдыгын көрсөтүп турат.

«Бул эл аралык практикада бар. Паспортту ар бир облуста берсе болот. Бланкаларды «Учкун» ишканасы да чыгарууну сунуштайм, Ошто фото, фамилия жана башка маалыматтарды басып чыгарган басмакана болушу керек», — деди Эргешов.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар