whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.03.2026
8.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргыз-түркмөн кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-түркмөн кызматташтыгы талкууланды

26-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда  кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын орчундуу маселелери: соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык ж.б тармактар жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкууланды.

Алдыдагы келишимдик-укуктук базаны өстүрүүгө, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Министрлер Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга 2021-жылы жасаган расмий сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы саясат башчылары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2025-2026-жылдарга Кызматташуу Программасына кол коюшту.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар