Туризм – Кыргыз Республикасынын экономикасынын маанилүү секторлорунун бири катары каралууда. 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы туризм тармагын стратегиялык багыт катары аныктап, бул тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана эл аралык деңгээлде таанылуусун кеңейтүүгө багытталган. Бул программа мурунку демилгелердин негизинде иштелип чыгып, тармактагы оң өзгөрүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылууга шарт түздү.
Инфраструктураны өнүктүрүү
Программанын алкагында туристтик инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулду:
– Жолдорду оңдоо жана жаңы туристтик маршруттарды ачуу;
– Мейманканалардын жана эс алуу жайларынын сапатын жогорулатуу;
– Аймактардагы туристтик объектилерге жеткиликтүүлүктү жакшыртуу;
Бул чаралар туристтердин агымын көбөйтүүгө жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түздү.
Эл аралык кызматташтык жана имидж
Кыргызстан эл аралык туристтик рынокто өзүнүн позициясын бекем-дөөдө:
– Чет өлкөлөрдө туристтик көргөзмөлөргө катышуу;
– Визалык режимди жеңилдетүү;
– Өлкөнүн брендин илгерилетүү;
Натыйжада, Кыргызстан Борбор Азия-дагы уникалдуу туристтик багыт катары көбүрөөк таанылууда.
Экологиялык жана туруктуу туризм
Программада туруктуу өнүгүү принциптери негизги орунду ээлейт:
– Экологиялык туризмди өнүктүрүү;
– Табигый ресурстарды коргоо;
– Жергиликтүү жамааттарды тартуу;
Бул багыт өлкөнүн табигый байлыктарын сактоо менен бирге, аймактардагы калктын кирешесин жогорулатууга жардам берүүдө.
Санариптештирүү жана инновациялар
Туризм тармагына заманбап технологиялар киргизилүүдө:
– Онлайн брондоо системалары;
– Туристтик маалыматтык платформалар;
– Санариптик маркетинг;
Бул чаралар туристтер үчүн маалыматка жетүүнү жеңилдетип, кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун арттырды.
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында туризм тармагында олуттуу ийгиликтерге жетишилди. Инфраструктураны жакшыртуу, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, туруктуу туризмди өнүктүрүү жана санариптештирүү тармактын сапаттуу өсүшүнө өбөлгө түздү.
Жыйынтыгында, жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат Кыргызстандын туризм тармагын туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү секторго айландырууга багытталган. Бул багытта кабыл алынган чаралар жана реформалар келечекте дагы оң натыйжаларды алып келери күтүлүүдө.
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында туризм негизги приоритеттүү багыттардын бири катары белгиленген. Бул, өз кезегинде, тармакты комплекстүү өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана эл аралык рынокто өлкөнүн позициясын бекемдөөгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү
ачат.
Туризм тармагы жогорку потенциалга ээ
Кыргыз Республикасы өзүнүн уникалдуу табигый ландшафттары, бийик тоолору, кооз көлдөрү жана бай маданий-тарыхый мурастары менен дүйнөлүк туристтер үчүн кызыктуу багыт болуп саналат. Акыркы жылдары бул мүмкүнчүлүктөрдү эффективдүү пайдалануу аркылуу туризм тармагы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, жыл сайын өсүү динамикасын көрсөтүүдө.
Ошону менен бирге, тармакты мындан ары өнүктүрүү үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу жана эл аралык стандарттарга ылайык башкаруу системасын киргизүү маанилүү бойдон калууда.
Туризм тармагынын негизги багыттары жана өнүгүү көрсөткүчтөрү өлкөдө туризмдин негизги багыттары салттуу түрдө ар түрдүү жана көп кырдуу болуп саналат. Алар Кыргыз Республикасынын жаратылыштык жана маданий өзгөчөлүктөрүнө негизделип, туристтер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:
Тоо туризми – окуялуу (приключенчес-кий), тоо лыжа, спорттук туризм, альпинизм, рафтинг жана экскурсиялык-таанып билүү маршруттарын камтыйт. Бул багыт өлкөнүн тоолуу рельефине байланыштуу өзгөчө өнүккөн;
Дарылоо жана ден соолукту чыңдоо туризми – Ысык-Көлдө эс алуу, курорттук-рекреациялык жана санаториялык кызматтар, жайлоо туризми жана кымыз менен дарылоо сыяктуу салттуу жана заманбап ыкмаларды камтыйт.
Акыркы жылдардагы статистикалык көрсөткүчтөр туризм тармагынын туруктуу өсүп жатканын далилдейт.
2024-жылы Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөн чет өлкөлүк жарандардын саны 8,6 миллион адамды түздү. Бул өлкөгө болгон кызыгуунун жогорулап жатканын көрсөтөт.
Ошол эле учурда, өлкөнүн туристтик рыногу азырынча негизинен региондук багытта калыптанууда. Негизги туристтер агымы коңшу мамлекеттерден, атап айтканда Казакстан, Россия жана Өзбекстандан келет. Бул фактор рынокту диверсификациялоо зарылдыгын көрсөтөт.
Экономикалык жактан алганда да туризм тармагынын салымы өсүүдө. Туристтик ишкерлик чөйрөсүндөгү дүң кошумча нарк 2021–2024-жылдар аралыгында 28,0 млрд. сомдон 58,2 млрд. сомго чейин өсүп, тармактын экономикалык маанисин тастыктады.
Мындан тышкары, акыркы жылдары өлкөнү эл аралык деңгээлде активдүү илгерилетүү оң натыйжаларды берди. Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы дүйнөлүк аренада таанылып, өлкө саякаттоо үчүн сунушталган популярдуу багыттардын рейтингдерине кире баштады. Бул тенденция өлкөнүн эл аралык имиджинин жогорулап жатканын жана туризм тармагындагы стратегиялык саясаттын натыйжалуулугун көрсөтөт.
Туризм тармагынын өсүш факторлору жана инвестициялык долбоорлор
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасына келген туристтердин санынын өсүшү бир катар системалуу чаралардын натыйжасы болуп саналат. Атап айтканда, туристтик продуктуларды жана объекттерди өнүктүрүү, ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле инфраструктураны модернизациялоо негизги факторлордон болду.
Маанилүү ролду Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар ойноп, өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга чоң салым кошту. Мындан тышкары, аэропортторду реконструкциялоо жана модернизациялоо, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, мейманкана фондун кеңейтүү, ошондой эле рест-поинттордун жана туристтик маалымат борборлорунун санын көбөйтүү туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү.
Ички туризмди өнүктүрүү багытында да олуттуу кадамдар жасалды.
Атап айтканда:
– Бишкек жана Ош шаарларынан Тамчы жана Каракол шаарларына авиакаттамдар ачылды;
– Балыкчы багыты боюнча жогорку ыңгайлуулуктагы темир жол вагондору ишке киргизилди;
– жүргүнчүлөрдү ташуучу авиатехника паркы жаңыланды;
– заманбап туристтик формат катары глэмпингдерди куруу башталды.
Мындан тышкары, 2025-жылы “40 туристтик база” долбоорунун ишке кириши пландалган. Бул долбоордун алкагында республиканын ар бир районунда бирден туристтик объект түзүлүп, аймактык туризмди өнүктүрүүгө жана туристтик агымды диверсификациялоого өбөлгө түзөт.
Инвестицияларды тартуу багытында да активдүү иштер жүрүүдө. 2023-жылдан тартып “Чаткал Резорт”, “Байтик Резорт” жана “Үч чоку” сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги тоо лыжа комплекстерин куруу үчүн инвесторлор тартылууда. Бул долбоорлор кышкы туризмди өнүктүрүп, Кыргызстандын эл аралык туристтик рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
PS: Жогоруда көрсөтүлгөн чаралар туризм тармагын комплекстүү өнүктүрүүгө багытталганын айгинелейт. Инфраструктуралык жаңы-лануулар, жаңы туристтик продук-
тулардын пайда болушу жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы өлкөнүн туристтик потенциалын толук ачууга мүмкүндүк берип, туризмди экономиканын маанилүү драйверлеринин бирине айландырууда.
Даярдаган Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу»

