Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖасалма интеллект кыргыз тилин өнүктүрөбү же өлтүрөбү?

Жасалма интеллект кыргыз тилин өнүктүрөбү же өлтүрөбү?

Азыркы мезгилдеги эң актуалдуу маселелердин бири жасалма интеллект болууда. Жасалма интеллект көп иштерди аткаруу менен катар котормо ишин да автоматташтырып, тестти бир тилден экинчи тилге өзү эле которот экен. Мунусу жакшы.  Бара-бара котормочу деген адис-тик жоголуп, адамдардын текст которуу муктаждыгы болбой калат дешет. Ошентип адам акылы өзү жасаган темирге багынып берип, өзү такыр эле четке сүрүлүп калабы? (Мындай темп менен жүрүп отурсак, келечекте ыр, аңгеме, повесть, романдарды да жасалма интеллект өзү жазып, акын-жазуу-чу деген адамдар да жок болот окшойт). Азырынча жасалма интеллект текстти эң сонун которуп, бир гана кошмок сөздөрдү бузуп коёт экен. Буга “таш баканы” мисал келтиришүүдө, Ал өз өзүнчө жазылып турса “каменная лягушка” деп ката, бириктирилип жазылса “черепаха” деп туура которот экен. Ошондуктан кыргыз тилинен кошмок сөз деген түшүнүктү жоготолу, жасалма интеллектке тууралап, ошондой сөздөрдү бириктирип жазалы деген сунуштар болууда.  Эмне үчүн биз антип, жасалма интеллекттин ыңгайына көнүп, эчен кылымдап калыптанып калган тилибизди өзгөртүшүбүз керек. Керек болсо ал биздин ыңгайыбызга көнсүн да. Анан да деги канчага чейин башка тилде жазып, аны өз тилибизге которо беребиз. Жасалма интеллект котормо менен байланышпай түздөн түз кыргыз тилин өнүктүрүү жагдайында болсо бир жөн эле. Деги тилибиз качан эркиндикке чыгат? Өз тилибизде өзүбүз каалагандай жазбай эле котормого байлана беребизби? Жасалма интеллект-тин жакшы жактары көп экенине ишенем, бирок тил маселесине келгенде анын жогоркудай котормо менен байланышынын жагдайларына такыр эле макул эмесмин. Бүгүн  жасалма интеллекттин шылтоосу менен кошмок сөздү жоготуп алсак, эртең эле жасалма интеллектке жакпаган дагы бир көйгөй келип чыгары турган иш. Ошентип кыргыз тилинин эрежелерин четинен сүрүп чыгара беребиз. Минтип тилибизге зыян келтирген жасалма интеллекттин бизге кереги канчалык!? Алсак, “ар кандай” деген сөздү бириктирсек “аркандай” болуп башка мааниге өтүп калат. “Кара ат” – “карат”, “алты ай” – “алтай” ж.б.у.с болот. Мындай мисалдарды ондоп, жүздөп келтирсе болот.

Бул болсо дагы деле орус тилинин сөз жасоо эрежесин жасалма интеллектке жамынып алып мурункудай эле сокур ээрчүү болуп эсептелет. Анткени буга чейин эле кыргыз тилинде эки сөз менен бир түшүнүктү берген, орус тилинде бир сөз менен жазылган сөздөрдү ээрчип, кыргыз тилинин эмес, орус тилинин сөз жасоо эрежелерине ыктап жүрбөйбүзбү. Биз совет мезгилинен эле котормо менен иштеп, эне тилибиз экинчи даражада болгону жашыруун эмес. Азыр деле ошонун күүсү менен кетип бара жатабыз. Болбосо жасалма интеллект кыргыз тилинен орус тилине которулган сөздү ээрчибей, нукура кыргыз тилин ээрчийт эле го!? Жасалма деген жасалма, табигый эмес. Жасалма акыры жасалмалыгын кылат. Адегенде жакшы, кооз көрүнгөнү менен түбөлүгү түз болбошу белгилүү.

Бизде Терминология комиссиясы деген бар, алар жаңы термин кабыл алса, ал эки сөздөн турса, бириктирип жазабы же эки башка жазабы, терминдин ыңгайына жараша иш кылышат. Жаңы термин жасоодо каалагандай жазууга жол берген эреже да бар. Ошондуктан жаңы терминдер кандай жазылса мейли, бирок мурунку сөздөрүбүзгө тийишпей эле койсок.

Өзүбүздүн эмес башкалардын ыңгайына карап, расмий тилди киргизип алып, канчалык азабын тартуудабыз. Эми жасалма интеллекттин ыңгайына карап кошмок сөздөрдү бириктирип жазып, кыргыз тилинин эрежелерин мүлжүй баштасак, эмне тамтыгыбыз калат.

Деги эле жасалма интеллект жаңы эле башталганда:

Ай ааламды чапчып адам акылы,
Багындырды буту тепсеп космосту.
Роботтор адам өзү жасаган,
Кудум эле өздөрүнө окшошту.
Биз канчалык болсок дагы акылдуу,
Чеки эмеспи роботко жан салыш.
Алар бизди акыры айдап чыкпасын,
Миссияңар түгөндү деп чаң салып”,–  деп мындан ончакты жыл мурда ыр жазып, ыр жыйнагыма киргизген экемин.  Бул эми менин жеке пикирим. Бирок, келечекте такыр ушундай болбойт деп эч ким кепил боло албайт.

Ысмайыл КАДЫРОВ,
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Терминология комиссиясынын мүчөсү

Редакциядан: Эске салсак, гезитибиздин 24-июнундагы №45 санында журналист Болотбек Таштаналиевдин: “Жасалма интеллект: адабиятчылар ишсиз калабы?” деген макаласы жарык көргөн. Анда автор жасалма интеллекттин – текст да, ыр да жазып бере аларын, керек болсо түш жорутса болорун жазган. Мына ошол теманы улай биздин окурмандарыбыз да ой-пикирлери менен бөлүшүүдө. 

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар