АКШ Иранга энергетикалык объектилерине сокку урууну убактылуу токтотту

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын энергетикалык объектилерине сокку урууну 10 күнгө токтотуу чечимин кабыл алды. Ал бул чечим Иран өкмөтүнүн суранычы менен кабыл алынганын билдирген, бирок Тегеран мындай сураныч болгонун четке каккан.

Трамптын айтымында, электр станцияларына чабуул 2026-жылдын 6-апрелине чейин токтотулат. Ал сүйлөшүүлөр «абдан жакшы» өтүп жатканын, фейк маалымат каражаттарына карабастан, чынында эле диалог жүрүп жатканын белгиледи. Муну менен катар, өткөн дем алыш күндөрү Трамп Иран 48 сааттын ичинде Ормуз кысыгын ачууну камсыз кылбаса, электр станцияларын «жок кылам» деп эскерткен. Иран бийлиги болсо кысыкты кемелер үчүн толугу менен жабарын билдирген.

Дүйшөмбү күнү АКШ Ирандын энергетикасына сокку урууну беш күнгө токтоткон, анткени тараптар согушту токтотуу боюнча «жемиштүү сүйлөшүүлөрдү» жүргүзүп жаткан. Шаршемби күнү АКШ Тегерандын жаңжалды токтотуусу үчүн 15 шарттан турган тизмени сунуштап, бирок Тегеран аны четке кагып, өзүнүн беш пункттук планын көрсөткөн.

Азыркыга чейин АКШнын ким менен диалог жүргүзүп жатканы так белгисиз. Трамптын айтымында, ирандык расмийлер сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын мойнуна алуудан коркуп жатышат, себеби өз мекендештери аларды өлтүрүп коё турганын, ошондой эле АКШ тараптан да коркунуч бар деп ойлошот.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз