Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде 2024-жылдагы бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзүп, 1,5 млрд сомдон ашык финансылык мыйзам бузууларды аныктады.
Маалыматка ылайык, жалпы мыйзам бузуулардын көлөмү 1 млрд 585 млн 293,5 миң сомду түзгөн.
Аудиттин жыйынтыгында негизги кемчиликтер төмөнкүлөр болду: дебитордук карыздарды эсепке алуудагы олуттуу каталар – 1,1 млрд сомдон ашык, курулуш иштеринде бааларды негизсиз жогорулатуу – 166,1 млн сом, бюджеттен мыйзамсыз жабылган чыгымдар – 85 млн сом. Мындан тышкары, казыналык эсептен тышкары каражат пайдалануу, эсепке алынбаган мүлк жана ашыкча төлөнгөн эмгек акылар да аныкталган.
Аныкталган сумманын ичинен 349,4 млн сом кайтарылышы керек, анын 122,2 млн сому аудит учурунда мамлекетке кайтарылды.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы министрликке мыйзам бузууларды жоюу, финансылык тартипти күчөтүү жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча милдеттенмелерди койду.


