Жаштар Дельфи оюндарынын келечеги талкууланды

Бишкек шаарындагы Ынтымак Ордо резиденциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык Дельфи комитетинин директору Владимир Понявин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биринчи Жаштар Дельфи оюндарынын өткөрүлүшү жана аларды мындан ары өнүктүрүү перспективалары талкууланды.

Белгиленгендей, аталган маданий иш-чара 2026-жылдын 23–28-март күндөрү Бишкек шаарында өтүп, жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз