Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгында бир канча документтер кабыл алынды

Шымкент шаарында 2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты.

Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер — Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия өкмөт башчылары, ошондой эле Армениянын вице-премьери, байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы катышты.

Жыйындын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев казак тарапка төрагалык алкагында жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы беш жылдагы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду. Анын айтымында, 2020-жылга салыштырмалуу 2025-жылы Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бардыгында ички дүң продукт өсүп, өз ара товар жүгүртүү көлөмү да жогорулаган.

Ошол эле учурда ал эмгек миграциясы жаатындагы маселелерге көңүл буруп, бул багытта макулдашылган саясатты ишке ашырууда координация жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасы миграциялык саясат боюнча туруктуу консультациялык аянтча түзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, логистика маселеси дагы актуалдуу бойдон калып жатканын айтып, санариптик чечимдерди киргизүү аркылуу жүк ташуунун ылдамдыгын жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Касымалиев ошондой эле санариптик трансформация, өнөр жай кооперациясы жана инновациялар Биримдиктин өнүгүүсүнүн негизги багыттары экенин баса белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында жалпы 13 маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйынын 2026-жылдын август айында Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз