Мектептерге балдарды жасалма документ менен каттоо фактылары катуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү департаментинин башчысы Рахат Мусаева билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы ата-энелер балдарын белгилүү бир мектепке киргизүү үчүн бир батирге массалык түрдө каттаткан учурлар болгон.
«Андан кийин мектеп администрациясы, ата-энелер жана укук коргоо органдары менен иштер жүргүзүлдү. Биринчи кезекте, бул — ата-энелердин жоопкерчилиги. Мектеп жетекчилерине, директорлорго жана мугалимдерге өткөн жылдагы катачылыктарга жол бербөө сунушталды. 2026-жылы мындай көрүнүш кайталанбайт деп үмүттөнөм», — деди Рахат Мусаева.
Эске салсак, 2025-жылы айрым билим берүү мекемелеринде балдарды жасалма каттоо фактылары аныкталган. Кээ бир адамдар мыйзамдуу өкүл (камкорчу) катары катталып, жасалма документтердин негизинде балдарды электрондук түрдө каттоодон өткөрүшкөн.

