Чолпон-Ата шаарында 26-июль күнү Суу ресурстары, айыл чарба кайра иштетүү жана өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган “Мурас” ат оюндары өттү. Иш-чара концерттик программа жана айыл чарба продукцияларынын жарманкеси менен коштолду.
“Мурас” кубогунда 2 жашар англис тукумундагы импорттук жылкылар — 1600 метрге, спринт жорго бардык курактар үчүн, 2000 метрге, ат чабыш 2 жашар КРда туулган англис тукумундагы жылкылардын жарышы – 1600 метрге, тай чабыш – 3600 метрге, ат чабыш 3 жашар англис тукумундагы жылкылардын жарышы – 1800 метрге кунан жорго 2 жашар жорголордун жарышы – 3600 метрге, 2 жашар жана андан жогорку курактагы (аргындашкан) жылкылардын жарышы – 2400 метрге, кунан чабыш – 11 000 метрге, ат чабыш 3 жашар жана андан жогорку курактагы англис тукумундагы жылкылардын жарышы – 2400 метрге, бышты жорго 3 жашар жорголордун жарышы – 5400 метрге, ат чабыш англис тукумундагы 3 жашар байталдардын “ОКС” чоң байгесинин жарышы – 2400 метрге, жорго салыш 4 жашар жана андан жогорку курактагы жорголордун жарышы – 9000 метрге, аламан байге – 21 000 метрге чабылды. Жеңишке жеткен чабандестерге акчалай сыйлыктар жана кубок ыйгарылды.
Мелдешке өлкөнүн бардык аймагынан, Казакстан, Россиядан келген күлүктөр катышты.
Иш-чарада Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев кыргыз эли, байыртадан тулпарды барктап ыйык тутканын билдирип төмөндөгүлөргө токтолду.
“Ат – адамдын канаты” дегендей, кыргыз эли күлүк аттарды, жорголорду аздектеп багып, таптап келген. Бул ыйык өнөр – муундан-муунга өтүп келе жатат. Бүгүнкү саяпкерлер, Толубай сынчыдай, азыркы заманбап ыкмаларды колдонуп, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп келишет. Ат оюндары — бул кыргыз элинин тарыхы, рухубуздун жана улуттун өзгөчө символу”, – деп билдирди.
Ошондой эле, жылкы чарбасын жандандыруу максатында № 54 мамлекеттик асыл-тукум жылкы заводун Министрлик өзүнүн карамагына алып, асыл тукум миңги, орус таскак, “Кыргыз” жана “Жаңы-кыргыз” жылкыларын өстүрүүнү колго алганын, анткени кыргыз жылкыларына Европа, Азия, Монголия, Япония жана Араб өлкөлөрүндө чоң кызыгуу жаралып, быйыл 200дөн ашык кыргыз жылкысы экспорттолгонуна токтолду.
“Бул биз үчүн жылкы чарбасындагы жетишкендик жана чоң сыймык деп эсептейм. Демек, кыргыз жылкысынын келечеги алдыда, аны урматтуу Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен мамлекеттик колдоого алып, ар тараптан өнүктүрүүгө бардык күчүбүздү жумшайбыз! Мамлекеттик колдоо жана комплекстүү мамиле аркылуу, Борбор Азияда ат спорту боюнча лидер болобуз», – деп белгиледи министр Бакыт Төрөбаев.
Белгилей кетсек, бул масштабдуу иш-чара «Манас» эпосунун духун, Ак-Кула жана Тайтору сыяктуу уламыштуу образдарды, элдин тарыхый эсин, жоокердик күч менен туруктуулукту чагылдырат.
Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

