whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.01.2026
-13.9 C
Бишкек

Таластагы жөө жүрүш

2025-жылдын 25–27-июль күндөрү Талас облусунда биринчи жолу “Мурастуу Жол-Ата-Бабалардын Издүү Жолу” деп аталган жөө туристтик жүрүш өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, ага 100гө жакын тоо сүйүүчү катышты.

Үч күнгө созулган жөө саякат Талас кырка тоосунун түндүк капталындагы кол тийбеген, кооз маршруттар менен өтүп, катышуучуларга тарыхый жана жаратылыштык баалуулуктарды сезүүгө мүмкүнчүлүк жаратты. Жүрүшкө Франция, Бельгия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандагы туристтик компаниялардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, блогерлер, журналисттер жана Талас облусунун жетекчилиги да активдүү катышышты.

Иш-чаранын негизги максаты – Талас облусунун туристтик мүмкүнчүлүгүн таанытуу, жаңы жөө маршруттарды иштеп чыгып, эл аралык жана ички туристтерди тартуу болуп саналат.

Облус башчысы Эрмат Джумаев: “Бул демилгени көтөргөн тарыхчы жана тоо сүйүүчү Гамал Сооронкуловго, «Дестинация Талас» уюмуна жана каржылык колдоо көргөзгөн “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдиребиз.Таластын табияты өзгөчө – кооз капчыгайлар, бийик тоолор, тунук көлдөр жана жаратылыштын жан дүйнөнү жандандырган керемети бар. Бул маршруттар изилденип, туристтик компанияларга сунушталса, Таластын туристтик агымы кескин жогорулайт,” — деп билдирди.

Жөө жүрүш Батыш Теңир-Тоонун капчыгайларын, ашууларын, тоо дарыяларын, ошондой эле жапайы жаныбарлардын жана сейрек кездешкен өсүмдүктөрдүн табигый дүйнөсүн камтыды. Бул саякат катышуучуларга жаңы тажрыйба, руханий жаңылануу жана жаратылыш менен эриш-аркак болуунун өзгөчө мүмкүнчүлүгүн тартуулады.

Маалымат үчүн: Бул жөө жүрүш жыл сайын өткөрүлүүчү туристтик салтка айланары күтүлүүдө. Таластын бай тарыхы жана жаратылышы өлкөнүн ички жана эл аралык туризмин өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратары шексиз.

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар