whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.12.2025
-6.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарПрокурорлор 6 айда эмне иш аткарды?

Прокурорлор 6 айда эмне иш аткарды?

Биз Талас облусундагы райондордун прокурорлору 6 айда эмне иштерди аткаргандыгына кызыгып көрдүк. Бизге Талас шаарынын, Манас, Айтматов районунун прокурорлору жарым жылда аткарылган иштери тууралуу маалымат беришти. Биз андагы маалыматтарды кыскартып, окурмандар үчүн маанилүү делген цифраларын гана келтирдик.

Талас шаарында

Шаардык прокуратуранын берген маалыматына ылайык, №11 “Бакыт” бала-бакчасы 1993-жылы жеке менчикке берилип кеткен. Прокуратура тарабынан ушул жылдын апрель айында Талас облусунун административдик сотунун чечими менен аталган мүлк көз карандысыз баалоочу тарабынан 71 624 350 сомго бааланып,Талас шаардык мэриясына кайтарылды.

Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 1993-жылы Талас облустук тиш дарылоо бейтапканасына тиешелүү болгон 1202 чарчы метр жер тилкеси, кампа курулмалары менен мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен.

Шаардык прокуратуранын келтирилген прокурордук актынын негизинде 5 094 000 сомдук 1202 м.кв. жер тилке, кампа курулмалары менен  Талас шаардык мэриясына кайтарылган.

Дагы бир мисал, Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчикке байланыштуу мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, стратегиялык  объект болуп саналган Талас шаарындагы аэропорттун 0,29 га. жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 2 588 000 сомдук жогоруда белгиленген жер тилке мамлекетке кайтарылган.

Айтматов районунда

Акыркы жарым жылдыкта Айтматов районунун аймагында үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча билдирүүлөрдүн саны өскөн.

Мисалы, 2024-жылдын 6 айында Айтматов районунун аймагында 22 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен байланышкан факт катталса, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 37 факты катталган. Анын ичинен аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук – 32, эркектерге карата – 3 жана жаш өспүрүмдөргө карата – 2 ишти түзгөн.

Ал эми, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча укук бузуулардын абалын караганда, сотко жиберилгендер – 27, анын ичинен коомдук жумушка тартылгандар – 17, камакка алынгандардын саны – 7, айып пул салынгандардын саны – 2.

Талдоо көрсөткөндөй, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан негизги жабыр тарткандар 25 жаштан 45 жашка чейинки аялдар болууда. Көбүнчө зордук-зомбулук узакка созулган үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан келип чыгат. Айтматов районунда үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү актуалдуу бойдон калууда жана комплекстүү мамилени талап кылат. Бул багытта коомчулук менен тыгыз иштөө зарыл.

Манас районунда

2025-жылдын 6 айына карата Манас районунун прокуратурасы тарабынан  аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдуу-лукка жалпысынан 33 прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, анын ичинен 14 сунуш, 16 талап, 1 каршылык билдирүү, 1 эскертүү, 1 укук бузуу өндүрүш иши козголгон. Жыйынтыгында 13 кызмат адамына ар кандай тартиптик чара колдонулган. Прокурордук актылардын жыйынтыгы менен жалпы 906 016 сом акчалай түрдө жана 13 177 740 сом өлчөмүндө накталай түрдө мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн. Ал эми, “Кылмыштардын бирдиктүү реестрине” 1 кылмыш катталып, тергөө аркеттери жүргүзүлүүдө. Манас райондук сотуна жалпы 7 доо арыздар келтирилип, анын ичинен 6 доо арыз толугу менен канаатандырылып, 1 доо арыз кароо алдында.

2025-жылдын 6 айында тергөөгө көзөмөл жүргүзүү багытында Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн автоматташтырылган маалыматтык системанын маалыматтарды эсепке алуу журналына жалпы 545 билдирүү катталып, текшерүүнүн жыйынтыгы менен 28 кылмыш иши козголуп, 171 кылмыш ишин козгоодон баш тартылып, 323 номенклатуралык ишке чыгышталган.

Райондук прокуратура тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерүүдө 39 материал боюнча кабыл алынган чечимдери жокко чыгарылып, анын ичинен кошумча текшерүүнүн жыйынтыгы менен 4 кылмыш иши козголгон.

Райондук сотто 27 адамга карата 26 кылмыш иши каралып, акталган же кайра тергөөгө жөнөтүлгөн кылмыш иштери болгон эмес.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар