Башкы беткеРубрикаларАймактарЖакында Нарында бетон жана таштанды иштетүүчү заводдор ишке кирет

Жакында Нарында бетон жана таштанды иштетүүчү заводдор ишке кирет

Жакында Нарында бетон заводу жана таштанды иштетүүчү завод ишке кирет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, дем алышта президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов аталган ишкананын курулушун көрдү.

Белгиленгендей, буга чейин ишкана кум майдалап чыгарып келген. Ал эми учурда бетон чыгарууга даярдык иштери жүрүп жатат. Ага атайын техникалары келген жана 15 күндүн аралыгында ишке берилүүсү күтүлүүдө.

Ал эми Нарын шаарына караштуу Москва чөлкөмүнөн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан оор жүк ташуучу унаалар токтоп туруучу жана чет өлкөгө чыгууга уруксат кагаздары берилүүчү жай курууга бош жер суралган. Облус башчысы жер тилкесинин талаптарга ылайыктуулугу жана шарттарын карап чыкты.

Ошондой эле ал Нарын шаарынын таштанды төгүлүүчү полигонунун жайын көрдү. Нарын шаардык мэриясы тарабынан жана Ага Хан фондунун колдоосу менен таштанды иштетүүчү ишкана ачуу пландалып, долбоор ишке ашуу алдында турат.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар