Башкы беткеСаясат жана коомКоом1-июндан тарта ысык суу жана жылуулукка тарифтер кымбатташы мүмкүн

1-июндан тарта ысык суу жана жылуулукка тарифтер кымбатташы мүмкүн

1-июндан тарта аянты 80 чарчы метрге чейинкилерге жылуулук жана ысык суунун тарифи 25%га көтөрүлүшү мүмкүн.
Энергетика министрлиги 2030-жылга чейинки тарифтик саясат боюнча токтом долбоорун даярдады. Анда тарифтер 2026-жылы 50%, 2027-жылы 75% көбөйтүлөрү айтылат. Муну менен бааны 2028-жылга чейин үч эсе көтөрүү сунушталууда.
“Бишкек жылуулук тармагынын” мисалында тарифтин көтөрүлүшүн карасак:
⚫️

-көмүр от казандарынан жылуулук менен камсыз болгон абоненттер үчүн 1722,3 сомго жогорулайт (өздүк наркы — 6889,31 сом/Гкал)
-газ отканалар үчүн — 1675,22 сомго (өздүк накры — 6700 сом/Гкал)⚫️-электр энергиясы менен иштеген отканалар — 2042 сомго кымбаттай (өздүк наркы — 8170 сом/Гкал)

Буга чейин өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн тарифтер өздүк наркына жеткирилген. Ал эми калк үчүн «социалдык багыттагы» тариф сакталып калган эле.

2024-жылы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын кирешеси 11,2 миллиард сом, чыгашасы 17,3 миллиард сом болуп, тартыштык 6,1 миллиард сомду түзгөн. Алардын чыгымын жабууга 4,3 миллиард сом субсидия бөлүнгөн.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар