Жогорку Кеңеште адам сатууга каршы аракеттенүү боюнча кызматташтык талкууланды

0
1523

Бүгүн, 23-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев АКШ элчилигинин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Райан Флори менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле Төраганын алдындагы миграция жана адам сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улан Ногойбаев катышты.

Жолугушууда Медербек Алиев адам сатууга каршы күрөш ар бир мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, бул көрүнүштү XXI кылымда толугу менен жоюу зарылдыгын айтты. Ал буга чейин баңгизат жүгүртүүгө каршы багытталган мыйзам демилгелери ишке ашканын белгилеп, эми негизги көңүлдү адам сатууга каршы аракеттенүүгө бурарын билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан тарабынан бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрү жана Түркия менен биргеликте өткөн машыгуулар, мамлекеттик кызматкерлерди окутуу жана адистерди даярдоо тууралуу маалымат берилди.

Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилешти:

  • мамлекеттик органдардын потенциалын чыңдоо;
  • адам сатууга кабылган жарандарды коргоо механизмдерин өркүндөтүү;
  • онлайн кылмыштарга каршы биргелешкен аракеттер.

Өз кезегинде Райан Флори парламенттин ролу маанилүү экенин белгилеп, көтөрүлгөн демилгелер америкалык тарап тарабынан колдоого алынарын билдирди. Ошондой эле бул багытта жаңы программаларды иштеп чыгуу пландары тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, тараптар май айында Нью-Йорк шаарында өтө турган миграция жана адам сатууга каршы аракеттенүү боюнча II эл аралык форумга Кыргызстандын катышуусу боюнча пикир алышты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз