Табияттын өзүндөй жөнөкөй да, сырдуу да полотнолор…

Арстанбек Алайкууда, инженер-геологдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жаштайынан эле сүрөт тартууга кызыгып, Чыңгыз Айтматовдун каармандарын элестетип, сүрөт тартчу. Ал мындай. Атасы улуу жазуучунун чыгармаларын окуп бергенде, болочок сүрөтчү кыялданып, жомоктогудай дүйнөгө кирип кетчү. Ошондон тарта анын пейзаждарды жана айыл турмушунун көрүнүштөрүн тартууга болгон кызыгуусу башталган. Жети жашка чейин айылда жашаганы да таасирин тийгизип, айрыкча ата-энеси уулунун шыгын ойготууга кылган далалаттары булактын көзүн ачкандай эле болду.

 

Ошентип, ал Бишкектеги Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт колледжинде живопистин негиздерин өз­дөштүрүп, сырларын үйрөнгөн.

Т. Садыков атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт академиясынын живопись факультетин бүтүрүп, 23 жашында биринчи жеке көргөзмөсүн ачууга жетишкен. 200дөн ашык эмгек жаратып, калыптанган сүрөтчү катары өз жолун баштаган.

Арстанбек Дукуевдин кыл калем чебери катары өзгөчөлүгү – ал кадимки кыргыз жаратылышынан өзгөчө су-луулукту көрө билип, күнүмдүк турмуштан улуулукту көрүүгө жана таанууга умтулгандыгында.

Таланттуу сүрөтчү Сүйүтбек Төрөбеков: “Арстанбектин сүрөттөрүнүн баа-ры ачык, андан бир да кара түс көргөн жокмун. Сүрөт дүйнөсүндөгүлөр билет, адамдын ички сезими өңгө чыгат. Сүрөтчү жан дүйнөсүндөгүнү өңдөр менен айтып берет. Сүрөттөн сүрөтчүнүн автопортретин көрсө болот. Арстанбектин делебе козгогон сүрөттөрү бар экен”, – десе, дагы бир белгилүү сүрөтчү Ормон Идрисов “Бул сүрөттөр жүрөктөн чыккан мотивдер экен. “Жол” көргөзмөсүнө катышкан бул үч сүрөтчү пленэрди жакшы сезип калышканы тарткан сүрөттөрүнөн көрүнүп турат. Бири-бирине окшобогон сүрөтчүлөр экен. Жаратылыш да бирде жай, күз, кыш болуп кызыктуу десек болот”, – дейт.

Академик О.Ибраимов, философ Ж.Бөкөшев да Арстанбек Дукуевдин сүрөттөрү кайдыгер калтырбаганын айтышат.

Учурда Арстанбек чыгармачылык изденүү үстүндө жүргөн чагы. Ал биздин өлкөдө ар бир айыл өзүнүн кайталангыс-
тыгы менен айырмаланат дейт. «Таш-Көмүр», «Падыша-Ата дарыясы», «Чолпон-Атадагы көчө», «Бостери», «Кербен», «Кан-Коргон», «Чүй өрөөнү», «Суусамыр», «Сулайман-Тоо», «Жаңы-Айыл», «Ала-Тоо-нун этегинде», «Кажы-Сай» баштаган полотнолору, кичи мекенинин аты менен аталган «Алайкуу» аттуу сүрөттөрүнүн өзгөчө сериясы анын айткандарын далилдеп турат.

Өнөрдүн өр жолунда А. Дукуев Түркияда, Грузияда, Казакстанда, Өзбекстанда болгон. Ал жактан да көптөгөн картиналарды жаратты. Бирок, ага өз жери, өз өлкөсү жакын. Ал кайра эле өз эмгектеринде айыл үйлөрүнүн боз чатырларына, чөп сарайларына, эски тосмолорго жана ийри-буйру көчөлөргө кайрылып келет.

Анын стили живопись тилинде импрессионизм деп аталат. Анын максаты – жаратылыштын так көчүрмөсүн берүү жана сүрөттөлгөн объекттерди майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтүү эмес. Тескерисинче, ал өзүн көбүрөөк көрсөтүүнү, көргөндөрүн өз алдынча чечмелөөнү, жаратылыштагы көз ирмемдерди кармап калууну, адамдарды алар менен чыгармачылык баарлашууга чакырууну, алардын фантазиясына таасир этүүнү каалайт. «Кеч», «Короодо», «Октябрь», «Сарай», «Тооккана», «Айылдагы үй», «Апийим талаасы», «Айыл чети», «Тандыр», «Тапчан», «Кечки булуттар» сыяктуу полотнолор бизге ошол сезимди тартуулайт.

Кызыл, сары, кызгылт сары, жашыл, көк, кочкул кызыл, күрөң түстөр жөн гана түстөр эмес. Бул боёктор көрүүчүлөрдүн сезимдерин ойгото алат жана бул жерде алардын баарынын гармониялуу айкалышканы маанилүү. Анын картиналарынын басымдуу бөлүгү айылдагы тынч жана жөнөкөй жашоону чагылдырган пейзаждык картиналар.

Арстанбек Дукуев ар тараптуу чыгармачыл инсан. Ал Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин «Радио, ТВ жана кино искусствосу» бөлүмүн да аяктаган. 2017-жылы Россияда өткөн «Дүйнөгө жарык» эл аралык жаштар кинофестивалында «Аңчылык» даректүү тасмасы үчүн «Мыкты оператордук иш» номинациясында лауреат
болгон.

Арстанбек Дукуев жашоодо кездешкен ар кандай адамдар жана окуялар жаңы чыгарманын негизин түзөт деп эсептейт. Сүрөтчүнүн айтымында, эң мыкты чыгармалар жаратылыш койнунда, шаркыраган суунун жанында жаралат. Ушунун аркасында эргүү, идеялар, ойлор жана аракеттер келет.

Жаш сүрөтчүнүн эмгектери Германия, Америка, Англия, Канада, Россия жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү жеке коллекцияларда сакталууда. Арстанбекке чыгармачылык ийгилик, бийик чабыт каалайбыз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз