Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин “Маалыматтык коопсуздук борбору” мамлекеттик мекемесинин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
Иш-чарада УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков борбордун түзүлүшү заманбап глобалдык чакырыктарга жооп экенин белгилеп, ал санариптик эгемендүүлүктү коргоого жана экономиканын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө болорун айтты.
Борбордун негизги багыттары:
- мамлекеттик сектор үчүн программалык жана аппараттык чечимдерди иштеп чыгуу жана сертификациялоо;
- киберкоркунучтарга ыкчам жооп берүү жана маалыматтарды коргоо;
- IT-адистерди даярдоо жана координациялоо.
Жаңы имарат заманбап техникалар менен жабдылып, киберчабуулдарга каршы туруу жана маанилүү санариптик кызматтардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган.

