Билл жана Хиллари Клинтон Эпштейн иши боюнча Конгрессте көрсөтмө беришет

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон жана Демократиялык партиядан 2016-жылдагы президенттик шайлоого талапкер болгон Хиллари Клинтон АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитетине барып, соттолгон финансист Джеффри Эпштейндин иши боюнча көрсөтмө берүүгө макул болушту. Бул тууралуу Reuters жана The New York Times (NYT) басылмалары жазды.

Буга чейин Клинтондор Конгрессте жеке катышуу менен көрсөтмө берүүдөн баш тартып келишкен. Алар кызматташууга даяр экенин билдиришкени менен, комитеттин төрагасы саясий негиздеги процесс уюштурууну көздөп жатат деп эсептешкен. Клинтондордун айтымында, бул процесс «бизди түрмөгө отургузууга багытталган».

Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитети буга чейин демократтарды Конгрессти сыйлабагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууну сунуштаган. Бул алардын кылмыш жоопкерчилигине тартылышына алып келиши мүмкүн эле. Мындай берене боюнча эң жогорку жаза — бир жылга чейин эркинен ажыратуу жана 100 миң долларга чейин айып пул салуу.

The New York Times басылмасы белгилегендей, жакынкы күндөрү Өкүлдөр палатасында Клинтондорду Конгрессти сыйлабагандыгы үчүн күнөөлүү деп табуу маселеси боюнча добуш берүү өтүшү мүмкүн. Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон жубайлардын көрсөтмө берүүгө макул болгону тууралуу кабарды кубаттаган, бирок пландалган добуш берүү токтотулабы же жокпу тактаган эмес, деп жазат Reuters.

Джеффри Эпштейн сурак маалында Билл Клинтон менен болгон мамилеси тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан. Тергөөнүн материалдарында Клинтондун аты-жөнү жана сүрөттөрү кездешет. Ошондой эле Эпштейн тергөөчүлөрдүн Билл Клинтондун Эпштейнге таандык аралга барган-барбаганы тууралуу суроосуна да жооп берген эмес. Тергөөнүн версиясына ылайык, бул аралда жашы жете элек балдарга карата сексуалдык зомбулук жасалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз