whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.02.2026
6.1 C
Бишкек

Уйку тууралуу эмне билебиз?

Адам орточо эсеп менен өмүрүнүн 25-30
пайызына жакынын уйкуда өткөрөт. Уктаганда организм эс алып, мээ маалыматтарды иретке келтирип, иммунитет бекемделет.

Сегиз сааттык уйку

Көп учурда сөзсүз сегиз саат укташ керек деген кеңештерди угуп жүрөбүз. Ошол эле учурда мындай кеңештерди кулактын сыртынан кетирип, туура эмес уктоонун кесепети кооптуу экенин аңдабайбыз. Окумуштуулар чала уйку жана көп уктоо адамдардын саламаттыгына түздөн түз таасир бере турганын эскертет. Уйкунун бузулушу ар кандай психикалык оорулардын, кан диабетинин пайда болуусуна себеп болушу ыктымал. Ошону менен «өтө кыска уйку» деп алты сааттан кем уктагандарга,  «өтө көп уктады» деген тогуз-он сааттан ашык уктагандарга айтылат.

Адистердин кеңеши боюнча ымыркайлар суткасына 18 саат, балдар болсо 11 саат, өспүрүм балдардын  уйкусу 10 саат болушу керек.

Илим далилдегендей, физикалык көнүгүүлөргө көп маани бербеген кишилер начар укташат. Демек, туура уктоо менен дененин чың болуусу бири биринен көз каранды.

Уйку чала болуп калганда

Уйкунун жетишсиздиги бир катар илдеттерге алып келиши мүмкүн. Беш миллиондой киши катышкан 153 иликтөөнүн тыянагы көрсөткөндөй, чала уйку диабетке, кан басымынын көтөрүлүшү, жүрөк, кан тамыр системасындагы илдеттерге, ашыкча салмакка алып келет.

Дени карды соо киши деле катары менен чала уктаган болсо, диабет оорусуна кабылат. Чала уйку организмдин кандагы глюкозанын деңгээлин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Иммунитетти дагы төмөндөтүп, муну менен биздин организм инфекцияларды бат кабыл алууга өтөт. Ошондой эле чала уктаганда мээнин активдүүлүгү дагы төмөндөп, эс тутум начарлайт.

Профессор О’Мара түшүндүргөндөй, токсиндер күн бою мээге топтолуп, уйку учурунда жок болот. Эгерде жетиштүү уйку болбосо, адам «мээси жеңил чайкалгандай» абалда жүрөт.

Ал эми өтө көп убакытка созулган уйкунун таасири тууралуу иликтөөлөр азыраак. Бирок ал деле чоң кишилердин организминдеги бир катар тескери таасирлерди берери белгилүү.

 Уйкунун түрлөрү

Биздин уйкубуз бир нече баскычка бөлүнгөн циклден турат. Ар бир циклдин узактыгы 60тан 100 минутага чейин уланат жана өзүнүн ролу бар. Биринчи баскычта – дем алуу акырындап, булчуңдар бошошуп, жүрөктүн кагышы жайлайт.

Экинчиде, бир аз тереңирээк уйку, бул учурда уктап жатып, бирок сиз ойгоо болгондой абалда болосуз. Үчүнчү баскыч — терең уйку. Бул эми ойгонуу өтө кыйын болгон учур. Бул учурда организмдеги ар кандай эле активдүүлүк минималдык деңгээлде болот.

Экинчи жана үчүнчү баскыч жай уйкуга кирет, адатта бул мезгилде киши түш көрбөйт.

Терең уйкудан бир нече минутадан кийин биз кайра экинчи баскычка кайтып келебиз. Андан кийин тез фазага өтөбүз. Адатта бул фаза түш көрүү менен коштолот.

Мындай жол менен киши бардык циклда бүт баскычтарды басып өтүп, андан кийин кыска убакытка экинчи фазага кайра кайтып барып, андан кийин төртүнчү баскычка – тез уйку фазасына өтөт.

Чала уйкунун таасири көп жагынан ушул акыркы баскычка таасир этет.

Нөөмөт менен иштөөнүн зыяны көп

Нөөмөт менен алмашып иштөө ден соолукка байланыштуу көйгөй­лөрдүн негизги себеби болуп калышы мүмкүн. Иликтөөчүлөр нөөмөт менен иштегендер өтө аз жана туура эмес убакытта укташарын аныкташкан. Бул болсо ашыкча салмакка жана диабеттин көбөйүшүнө алып келе турган коркунучту пайда кылат.

Окумуштуулар бул топтогу кишилер стандарт иш графиги менен иштегендерге караганда, өнөкөт илдеттер менен көбүрөөк жабыркашат деп эсептейт. Статистикалык маалыматтар дагы экинчи нөөмөттө иштегендер оорусуна байланыштуу жумуштан көп калышарын көрсөткөн.

Чала уйкунун азабы

Соңку учурларда баягы эле санариптин өнүгүүсү же соцтармактардын активдүүлүгү жарандарды чала уйкуга алып келүүдө. Жаш балдардан тартып, улгайгандарга чейин ушул көрүнүш.

Уйку көйгөйү жынысына жана жаш курагына дагы байланыштуу болот экен. Муну Британиядагы 2000 киши катышкан иликтөө көрсөткөн жана кайсы куракта болбосун аялдар эркектерге караганда чала уйкудан көбүрөөк жабыркашы аныкталган.

Кофеин менен алкоголь дагы уйкунун сапатына жана узактыгына терс
таасир этет.

Адаттан тышкары учурлар

Эгерде адаттан тышкары учурларды (Мисалы, Маргарет Тэтчер төрт саат эле уктаган) эсепке албаганда, негизинен көп кишилер кечинде уйкуга кам урушуп, жети, сегиз саат укташат. Бирок бул ар дайым эле норма болуп эсептелген эмес дейт Виргиниядагы университеттин тарых боюнча профессору Роджер Экирх. Ал 2001-жылы 16 жылдык иликтеп жүргөн илимий ишин жарыялап, жүздөгөн жылдар мурун кишилер уйкуну экиге бөлүп укташкан деп жазат ал.

Экирхтин пикиринде, эки фазалуу уйкунун монофазага өткөн учуру XIX кылымда болду. Үйлөрдү жарыктандыруу мүмкүн болгондон кийин чоң өзгөрүүлөр башталган.

Өспүрүмдөрдүн уйкусун телефон бузууда

Адистер өспүрүмдөр кеминде 10 саат укташы керек деп кеңеш берет. Бирок алардын дээрлик жарымы мындан аз укташат дейт британдык Саламаттыкты сактоо уюму.

Уктоочу бөлмө эс алуучу бөлмө эмес, көңүлдү алагды кылган буюмдар – ноутбук, мобилдик телефондор турган бөлмөгө айланган учурлар көп. Мунун баары уйкуга терс таасирин тийгизет.

Адистер уктаардан 90 минута алдын электрондук каражаттардын баарын өчүрүп салууга кеңеш беришет. Антсе деле жатар алдында телефон менен интернетти бир казып чыкмайын уктабагандар азыр толтура.

Уйку көйгөйүнө даттанып, дарыгерлерге кайрылгандардын саны арбып баратат. Британдык Саламаттыкты сактоо мекемеси, жыл сайын уйкунун бузулушун иликтөөгө алган изилдөөлөр көбөйүп жатканын белгилейт.

«Бир нече факторлор бар, анын ичинде маанилүүсү ашыкча салмак, – дешет неврологдор. – Эң көп тараган даттануу-лар уктап жаткан учурдагы дем алуунун бузулушу, ал болсо ашыкча салмак менен түздөн-түз байланышта».

«Торгой» жана «үкү»

Кээ бир адамдар таң заарынан ойгонуп, күндүн биринчи нурлары менен эле ишке киришсе, айрымдары түн ортосунда гана сергек боло баштайт. Эл ичинде буларды шарттуу түрдө “торгойлор” жана “үкүлөр” деп атап коюшат. Бул айырмачылык жөн эле адат эмес, адамдын ички биологиялык саатына байланыштуу.

Торгойлор эрте уктап, эрте турушат. Таңкы убакта алардын көңүлү тунук, ишке жөндөмү жогору болот. Мындай адамдар тартипти, тактыкты жактырып, күндүзгү жашоого оңой ыңгайлашат. Адистер эрте туруучулардын уйкусу туруктуураак болуп, ден соолугу да салыштырмалуу чыңыраак болорун айтышат.

Ал эми үкүлөр кеч жатууга жакын. Түн тынч болгондо ой жүгүртүүсү ачылып, чыгармачылык же татаал иштерге күчү жетет. Алар көбүнчө жаңы идеяларды түн ичинде ойлоп таап, өзүн эркин сезет. Бирок эрте башталган жумуш күнү үкүлөр үчүн кыйынчылык жаратып, уйку жетишпей чарчоого алып келиши мүмкүн.

Адистердин пикиринде, кайсы типке кирбесин, эң башкысы – адам өз ритмин бузбай, жетиштүү укташы керек. Торгойду үкү кылып, же үкүнү зордоп торгойго айлантуу дайыма эле жакшы натыйжа бербейт. Организмге кулак салып, ага ылайык жашоо – ден соолуктун жана иштеги ийгиликтин негизги шарты.

Рахманбердиева Гүлмайрам, «Кыргыз Туусу»

Акыркы гезиттер

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө кызуу даярдыгы көрүндү....

Ротшильддер династиясынын сыры

         Башынан келсек, дүйнөнү үч кылымдан бери каалаганындай калчап келе жаткан Ротшильддер династиясынын сыры тереңде жатат. Алардын теги Франкфурт геттосундагы жакыр еврейлердин үй-бүлөсүнөн уланат....

Зумерлер – «жоголгон муун” эмес, “башкача” муун

 РЕДАКЦИЯДАН: “Биздин жаштар кандай максаттарга умтулат. Кай дөөлөттөрдү барктайт, кандай нравалык принциптерди туу тутат, эмнени чанат, нени кадырлайт, кыйратары не, жаратары эмне? – деген сымал талылуу маселелер...

«Окурман журтту кайра жаратуу»

Кыргыз Республикасында китеп басып чыгарууну, которууну жана окууну колдоо боюнча мамлекеттик программанын концепциясынын долбоору иштелип чыкты. Анда китеп басып чыгаруу, которуу жана окууну колдоо багытында системалуу мамлекеттик...

Кыргыз АССРинин түзүлүшү — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы бурулуш учур

2026-жылдын 1-февралында Кыргыз автономиялуу советтик социалисттик республикасынын түзүлгөндүгүнө туура жүз жыл толду. Тактап айтканда, 1926-жылдын 1-февралында Бүткүл союздук Борбордук аткаруу комитети Кыргыз автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын түзүү...