Социалдык тармакка байланган балалык

0
5314

                Өткөн аптада Франциянын Улуттук ассамблеясы (парламенттин төмөнкү палатасы) 15 жашка чейинки адамдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Буга чейин, дүйнөдө алгачкы жолу мындай мыйзамды Австралия өлкөсү кабыл алган. Эми Европанын башка өлкөлөрү дагы ушул сыяктуу мыйзам долбоорлорун кароого алып жатышканы айтылууда. Себеп эмнеде? 

Дүйнө калкынын 5 жарым миллиарды же 7ден 1и социалдык тармактарда активдүү. Анын 40 пайызга жакыны 18 жашка чейинки өспүрүмдөр жана балдар. Бул көрсөткүч Кыргызстанда да ушул сыяктуу. Күн сайын өзүнө арбап эле бара жаткан социалдык тармактардын, өсүп келе жаткан жаш муунга тийгизген оң жана терс таасирин эсептеп
көрөлү.

 Бүгүнкү күндө эң көп колдонулган социалдык тармактарды ай сайын кирген колдонуучуларынын санына ылайыктуу бөлүштүрсөк:  биринчи орунда Facebook (3,1 млрд.),  экинчи YouTube (2,9 млрд.), үчүнчү Instagram (2,3 млрд.), TikTok (1,6 млрд.),  WhatsApp (2,8 млрд.), Telegram, Snapchat, LinkedIn жана башка платформалар болуп кезектелет. Анын ичинен жаштар же 16 жашка чейинки көп аудиторияга ээ платформалар TikTok, Instagram жана YouTube. Кыска убакытка ээ ар түрдүү видео материалдар жаш балдар сүйүп көргөн контент.  Кайсы тилде болуусу маанилүү деле эмес. Болгону ылдам кыймылдар, ар түрдүү түстөргө ээ видео контенттин мазмунуна
маани берген киши жок.

Кыймылсыз, бир чекитти үңүлө тиктеп, көп убакытка олтуруу, ар кандай ультра нурлар аркылуу чагылдырып көрсөтүлүп жаткан телефон экранынан көздү албоо эң биринчиден ден соолукка зыяндуу экенин саламаттык сактоо өкүлдөрү тастыктайт. Өзгөчө жаш муундарга күн сайын кадимки көрүнүш же жашоосунун маанилүү бөлүгүнө айлануусу бул жалпы адамзат үчүн олуттуу көйгөй экени талашсыз.

Чектөө киргизүү сунушу

Көйгөйдүн актуалдуулугун түшүнө баштаган айрым чет элдик мамлекеттер 15-16 жаш куракка чейинкилерди социалдык тармактардан алыстатуунун ар кандай жолдорун карашууда. Айтсак дүйнөдө алгачкылардан болуп, Австралияда өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарды колдонушуна тыюу салган мыйзам кабыл алынды. Жаңы мыйзамга ылайык, социалдык тармактар 16 жаштан төмөн курактагы балдарга аккаунт ачууга жана аны колдонууга уруксат бербеши керек. Мыйзам Facebook, Instagram, TikTok, Snapchat, X (Twitter) жана башка ири социалдык платформаларга тиешелүү. Кабыл алынган мыйзам социалдык тармак компанияларына колдонуучулардын жашын текшерүү боюнча жоопкерчиликти жүктөйт. Эгер талаптар аткарылбаса, платформа ээлерине ири өлчөмдө айып пул салынат.

Австралия өкмөтү бул чечимди балдардын психикалык саламаттыгын коргоо жана социалдык тармактардан келип чыгуучу коркунучтарды азайтуу максатында кабыл алганын белгиледи. Өлкө жетекчилигинин айтымында, социалдык тармактар өспүрүмдөр арасында тынчсыздануу, депрессия жана киберчабуул сыяктуу көйгөйлөрүн күчөтүүдө.

Дал ушундай мыйзам кабыл алууну көздөп жаткан Франция өлкөсү бар. Франциянын парламентинде 15 жаштан кичине балдар социалдык тармактарды колдонбоосу боюнча мыйзам кабыл алуу астында турат. Жакынкы күндөрү Мыйзам бул мамлекетте активдүү иштеп калат. Дания өлкөсүндө дагы 15 жаштан кичине өспүрүмдөрдү социалдык тармактардан чектөө боюнча мыйзам долбоорун жарыялап, парламент тарабынан колдоо алган. Норвегия өкмөтү да жогоркудай маанидеги мыйзам долбоорун кароодо. Малайзия быйылкы 2026-жылы 16 жаштан кичине балдарга социалдык тармакка кирүүнү чектөө ниетин билдирди. Буга кошумча Индияда социалдык тармактарда өспүрүмдөргө тыюу салуу боюнча сунуш күч алып жатат, айрыкча Австралия-нын мыйзамынан кийин бул идея эл аралык деңгээлде талкууланууда. Египет парламенти дагы бул максат боюнча иш жүргүзүп жатат. Алардын максаты балдарды “санариптик башаламандыктан” коргоо жана зыяндуу тематикадагы контенттен сактоо. Батыш өлкөсүнүн бири болгон Ирландия социалдык тармактарда жашты текшерүү системаларын киргизүү үчүн чараларды күчөтүп жатат (мисалы, 16 жаштын цифралык тастыктоосу).

Демек, жагдай олуттуу экени көрүнүп калды. Адамзаттын келечегине кам көрүүнү бүгүн ойлонушубуз керектигин айрым өлкө башкаруучулары тастыктап жатат.

Көйгөй эмнеде?

Эң биринчи балдардын психикалык абалы айтылат. Социалдык тармактар балдардын аң-сезимине күн сайын күчтүү таасир берип келет. Көпчүлүк учурда бул таасир дароо байкалбаганы менен, убакыт өткөн сайын олуттуу психикалык көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.

Эмоцияларды башкара албоо. Кыска видеолорго, тез өзгөргөн мазмунга көнгөн балдар сабырдуулукту жоготуп, эмоциясын көзөмөлдөй албай калышат. Саламаттык сактоо уюмдарынын изилдөөлөрү ачуулануу, чыдамсыздык жана агрессивдүү жүрүм-турум көбөйөт деген чечим чыгарышат.

Жалгыздык сезиминин күчөшү. Онлайн байланыш көп болгону менен, чыныгы эмоционалдык байланыш азаят. Бул баланын өзүн жалгыз сезишине, ички сезимдеринин жабылып калышына шарт түзөт.

Коркуу жана тынчсыздануу абалдары. Социалдык тармактардагы зордук-зомбулук, коркунучтуу же жалган маалыматтар баланын психикасына терс таасир берип, негизсиз коркуу, дайыма тынчсыздануу абалын пайда кылат.

Өзүн-өзү кабыл албоо. Фильтрлер жана жасалма образдар баланын өз келбетин кабыл албоосуна алып келет. Натыйжада өзүн жек көрүү, уялуу сезимдери жаралат жана коомчулукка чыгуудан тартынып калат.

Реалдуу дүйнөгө кызыгуунун төмөндөшү. Социалдык тармактар виртуалдык дүйнөнү артыкчылыктуу кылып көрсөтүп, баланын реалдуу жашоого болгон кызыгуусун азайтат. Окуу, спорт, чыгармачылык сыяктуу ишмердүүлүктөр экинчи планга жылат жана кызыгуусу жоголот.

Психикалык жетилүүнүн жайлашы. Туруктуу терең ой жүгүртүүнү талап кылбаган мазмундар баланын аналитикалык ой жүгүртүүсүнүн өнүгүшүн жайлатышы толук мүмкүн.

Физикалык абалга тийгизген таасири

Социалдык тармактар балдардын убактысынын көбүн алып, алардын жашоо образын түп тамыры менен өзгөртүп жатат. Бул көрүнүш психикалык гана эмес, баланын физикалык абалына олуттуу терс таасир тийгизет.

Көздүн көрүүсүнүн начарлашы. Узак убакыт экранды тиктеп отуруу көздүн чарчоосуна, кургашына жана көрүүнүн начарлашына алып келет. Айрыкча кичинекей балдарда бул көйгөй эрте пайда болуп жатканын, дарыгерлер белгилешет.

Омуртка жана моюн оорулары. Телефонду ылдый карап көп колдонуу моюн, бел жана омуртка ооруларына себеп болот. Туура эмес отуруу баланын сөөк түзүлүшүнө терс таасир этип, омуртканын кыйшаюусун, моюнга туз уюп калуусун жаратат.

Кыймылдын азайышы. Социалдык тармактар балдардын активдүү кыймылын чектеп, спортко жана таза абада ойноого болгон кызыгуусун азайтат. Бул семирүү, булчуңдардын алсыздыгы, ар кандай энергиянын жетишсиздигине алып келиши мүмкүн.

Уйку режими бузулат. Экрандан чыккан көгүлтүр жарык баланын биологиялык саатын бузуп, кеч уктоого, уйкусуздукка алып келет. Уйку жетишсиздиги болсо, иммунитеттин төмөндөшүнө шарт түзүп, кайра эле көрүүнү начарлатат.

Баш оору жана чарчоо. Маалыматтын ашыкча агымы мээни чарчатып, баш ооруну, алсыроону жана көңүлдүн тез өзгөрүүсүн пайда кылат.

Тамактануу режими бузулат. Экран алдында отуруп тамактануу ашыкча тамак жеп коюуга же туура эмес азыктанууга алып келет. Бул ашказан-ичеги көйгөйлөрүн жаратып, ич катуу сыяктуу илдеттерди жаратат.

Гормоналдык тең салмактуулуктун бузулушу. Уйку режиминин бузулушу өсүү гормондорунун бөлүнүшүнө терс таасир этип, баланын боюнун өсүүсүнө жалпы акыл, аң-сезиминин өнүгүүсүнө зыянын тийгизиши мүмкүн. Социалдык тармактардын физикалык ден соолукка тийгизген зыяны көп учурда башында байкалбай калат. Бирок алдын ала чара көрүлбөсө, бул көйгөйлөр баланын келечектеги саламаттыгына олуттуу таасир тийгизерин дүйнөлүк саламаттык сактоочулар тастыктап келишет.

Пайдасы деле бар

Коомдо социалдык тармактар көбүнчө зыяндуу көрүнүш катары кабыл алынган менен, аны туура пайдаланган учурда оң таасири дагы бар. Социалдык тармактар аркылуу балдар ар кандай билим берүүчү видеолорду, сабактарды жана пайдалуу маалыматтарды оңой таба алышат. Чыгармачылыкты видео тартуу, сүрөт тартуу, текст жазуу аркылуу өнүктүрсө болот . Алыскы аймактарда жашаган же теңтуштары аз балдар социалдык тармактар аркылуу досторду таап, пикир алышуу мүмкүнчүлүгү бар. Социалдык тармактарды колдонуу баланы заманбап технологияларды түшүнүүгө, маалыматты иргеп пайдаланууга үйрөтөт жана коомдогу окуялар менен чогуу боло алат. Колдоого алынган, позитивдүү чөйрөдө баланын өз оюн бөлүшүүсү анын өзүнө болгон ишенимин арттырат. Айрыкча жетишкендиктерин бөлүшүү баланын өнүгүүсүнө шык берет.

Чеги менен

Демек, санариптештирилген бул дүйнөдөн балдарды таптакыр онлайндан бөлүп коюу мүмкүн эместей. Бирок ошол эле учурда алардын убактысынын көбүн телефонго байлоонун залалы дагы бир топ экенин көрүүдөбүз. Негизги багыт катары биз ата-энелер, улуу муундар, мектеп жетекчилери, өлкө башчылары, дегеле баары биргеликте социалдык тармактарга болгон көз карандылыкты азайтып, балдардын убактысын туура жана так бөлүп берип, аларды көзмөлгө алуу зарылдыгы
турат.

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз