Жаңы планета табылды

Бизден болжол менен 146 жарык жылы алыс-тыгында (1км жарык жылы — 9,461e+12 км.ге барабар) жайгашкан, көлөмү жердин өзүндөй жана жашоо үчүн шарты болушу мүмкүн болгон жаңы планета табылды. Аны  «HD137010b» деп аташты.

Австралия, Улуу Британия, АКШ жана Даниянын эл аралык илимпоздор тобу бул планетаны «Кеплер» космостук телескобунун 2017-жылдагы K2 миссиясынын архивдик маалыматтарынын негизинде табышкан. Түштүк Квинсленд университетинин доктору Челси Хуанг планетанын орбитасы жердикине окшош экенин белгиледи: ал күндү болжол менен 355 күндө бир айланып чыгат. Адистер «HD137010b» планетасында жашоого болушу ыктымалдуулугун 50% деп баалап жатышат.

«Бул планетанын эң кызыктуу жагы — анын көлөмү жердей болгонунда жана биздин Күн сис-темасынан болгону 150 жарык жылындай алыс-тыкта жайгашканында», — деп баса белгилешет изилдөөчүлөр.

Суинберн университетинин астрофизиги Сара Уэбб бул ачылышты «абдан толкундандырарлык» деп атады, бирок кошумча далилдер керектигин баса белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз