Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүүнү сунуштады

Садыр Жапаров Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүүнү сунуштады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент диний чөйрө жана этностор аралык мамилелер маселелеринин өзгөчө маанисин белгилеп, бул багытта жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын ырааттуулугуна токтолду. Ал өткөн жылы тиешелүү Президенттик Жарлык менен комиссия кайра түзүлүп, Улуттук агенттик деңгээлине көтөрүлгөнүн, мунун натыйжасында анын ыйгарым укуктары жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейгенин эске салды.

Талантбек Ташибеков Мамлекет башчысына агенттиктин иш пландары, ошондой эле уюмдун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата пландалып жаткан юбилейлик иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал эмгек сиңирген дин ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселесин кароону өтүндү.

Президент Садыр Жапаров бул сунушту колдоп, белгилүү диний ишмер, агартуучу жана коомчулукта терең из калтырган Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген ардактуу наамды ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Мамлекет башчысы Чубак ажы Жалиловдун дин агартуу, адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу жана коомдо ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымын өзгөчө белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Президент Улуттук агенттиктин ишин тутумдуу, ачык-айкын жүргүзүүнү, ошондой эле дин аралык жана этностор аралык ынтымакты чыңдоого, коомдогу биримдикти жана адилеттүүлүк принциптерин илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар