Башкы беткеМаанилүүИшкерликти өнүктүрүү үчүн 500 млн сом бөлүндү

Ишкерликти өнүктүрүү үчүн 500 млн сом бөлүндү

 «Ишкердикти өнүктүрүү микрокредиттик компаниясы» ААК уставдык капиталын толуктоо үчүн 500 млн сом алды. Каражат президент Садыр Жапаровдун III Элдик курултайда жылдык 8% менен ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында Финансы министрлиги тарабынан бөлүндү.

Маалыматка ылайык, каржылоо чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында жүргүзүлүүдө. Программанын максаты – ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкө экономикасын чыңдоо.

Жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн 2025-жылдын 25-июнунан тарта Ишкердикти өнүктүрүү фондунун борбордук кеңсесине жана аймактык филиалдарына кайрылууга болот.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар