Башкы беткеСоциалдыкБишкекте мыйзамсыз сатылган мотор майлар табылды

Бишкекте мыйзамсыз сатылган мотор майлар табылды

Бишкек шаарында акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысын аныктады.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун Новопавловка айылында жүргүзүлгөн рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө талапка жооп бербеген продукциялар табылып, алардын сатылышына бөгөт коюлган. Текшерүү учурунда ар кандай идиштерге куюлган, тиешелүү маркасы жок 294 даана мотор майы аныкталды.

Жалпы көлөмү 10 миң 824 литрди түзүп, болжолдуу баасы 3 миллион сомго жетет. Учурда бул факты боюнча процессуалдык иш-чаралар жүрүп жатат. Жыйынтыгында материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилери белгиленди.

Гезит

Марат САГЫМБАЕВ: «Жасалма интеллекттин чегинде өзүбүздү табууну унутпайлы»

      Кыргызстандын медицина тармагындагы эки илимпоз-окумуштуусу жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн жана чектерин философиялык багытта изилдешти. Алар биргелешип жазган ири монографияда өз ойлорунун жыйынтыгын сунушташкан. Авторлордун...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар