Башкы беткеЖогорку КеңешНурланбек Тургунбек уулу Казакстанда парламенттер аралык жолугушууларга катышат

Нурланбек Тургунбек уулу Казакстанда парламенттер аралык жолугушууларга катышат

10-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу иш сапары менен Казакстанга иш сапарга кетти. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Нурланбек Тургунбек уулу Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен бирге эки өлкөнүн парламенттер аралык кеңешинин жыйынын өткөрөт.

Муну менен катар Түрк мамлекеттеринин Парламенттик уюмунун кеңешинин кезектеги отурумуна жана XIV пленардык жыйынына катышат. Ошондой эле төрага бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Тактап кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов, Айсулуу Мамашова жана аппараттын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар