“Экспорттук келишимди кредиттөө” аттуу жеңилдетилген кредиттик линия сунушталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев экспортту өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын негизги максаты өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатуу жана ата мекендик бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча практикалык чечимдерди иштеп чыгуу болду.

Жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Данияр Амангельдиев Президенттин тапшырмасына ылайык улуттук өндүрүүчүлөрдү колдоо Министрлер Кабинетинин ишинин стратегиялык багыты экенин белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө экспорттоочулардын транспорттук жана логистикалык чыгымдарын жарым-жартылай компенсациялоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү маселеси каралды. Бул чара ата мекендик товарлардын тышкы рынокторго чыгуудагы чыгымдарын азайтып, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Ошондой эле жыйында бизнестин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселеси көтөрүлдү. Анын алкагында “Экспорттук келишимди кредиттөө” аттуу жеңилдетилген кредиттик линия сунушталды. Бул механизм экспорттоочуларга кассалык үзгүлтүктөрдү жоюуга, жүгүртүү каражаттарын толуктоого жана камсыздандыруу инструменттери аркылуу колдоо алууга мүмкүнчүлүк берет.

Жыйын ачык форматта өтүп, ишкерлер өздөрүнүн сунуштарын жана көйгөйлөрүн түздөн-түз билдиришти. Айрыкча бажылык башкарууну жакшыртуу жана техникалык тоскоолдуктарды жоюу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар берилди.
«Бүгүн сунушталган демилгелер пилоттук режимде сыналат. Натыйжасына жараша бул механизмдер туруктуу негизде толук масштабда ишке киргизилет», — деп жыйынтыктады Данияр Амангельдиев.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз