Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмеси Арслан Койчиев төрагалыгы алдында өттү.
Жыйындын жүрүшүндө улуттук тарых илимин өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелер каралды. Анын ичинде Кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук фундаменталдык эмгектин долбоору талкууланып, натыйжада анын структурасы жана мазмундук багыттары бекитилди. Ошондой эле автордук жамааттын курамы аныкталып, кол жазмаларды тапшыруу мөөнөтү белгиленди.
Кеңешмеде маданий мурастарды сактоо жана коомчулукка кеңири жайылтуу маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду. Бул багытта Бишкек шаарында байыркы кыргыз жазууларын чагылдырган инсталляциялык комплексти түзүү демилгеси каралды. Тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар берилди. «Кыргыз Туусу» гезити Барсбек каганга, элчилер Эрен Улукка жана Чаб Шатүн Тарханга арналган жазууларды көчүрмөсүн атайы экспозиция кылып, аткарган функциялары анык, эстетикалык, идеологиялык, таанып-билүү жүгү бар заманбап, көркөм объект катары орнотууну сунуштаган (https://kyrgyztuusu.kg/archives/34400)
Комиссиянын иши өлкөдө тарых илимин системалуу өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталганы белгиленди.


