1-апрелден тарта автоунааларды каттоо онлайн жүргүзүлөт
2026-жылдын 1-апрелинен тарта автоунааларды каттоо онлайн форматта жүргүзүлөт. Жарандар унааларын мамлекеттик мекемелерге барбастан Түндүк тиркемеси аркылуу каттай алышат. Арыз берүү жана каттоо процесси толугу менен ушул тиркеме аркылуу ишке ашат.
Офлайн тейлөө жалпы жарандар үчүн жүргүзүлбөйт. Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн гана бир нече атайын терезе иштеп, кызматкерлер онлайн каттоого жардам көрсөтүшөт.
Жаңы тартип жарандарга мекемеге барып кезек күтпөстөн, документ чогултпай жана жол киреге кошумча чыгым тартпай эле унааны каттоого мүмкүнчүлүк берет. Бардык маалыматтар мамлекеттик базалар аркылуу автоматтык текшерилет, каттоо процесси жөнөкөйлөтүлүп, убакыт үнөмдөлөт.
Бул кадам жарандардын жашоосун жеңилдетип, тыгында тургузбай жана тыгын жаратпай баардык процессти үйдөн эле бүтүргөнгө шарт түзөт. Мындан тышкары документти үйгө жеткирип берүү кызматы да ишке кирмекчи.
Алгачкы каттоо (жаңы алып келинген автоунаалар)
Буга чейин жаңы алып келинген унааларды каттоо үчүн жарандар бажыга, лабораторияга жана башка мекемелерге өздөрү барып, текшерүүдөн өткөрүп, көп убакыт коротушчу.
Эми бул процесс системалаштырылды. Унаа бажыдан өткөндө маалыматтар дароо электрондук базага киргизилет. Мамлекеттик лабораториялар техникалык жана коопсуздук текшерүүлөрүн өздөрү жүргүзүп, жыйынтыгын система аркылуу санарип форматта киргизет. Жаран Түндүк тиркемеси аркылуу арыз берет, система маалыматтарды автоматтык текшерип, унааны каттоодон өткөрөт. Каттоо аяктагандан кийин жаранга билдирүү жөнөтүлөт.
Кайра каттоо (өлкө ичиндеги автоунаалар)
Өлкө ичиндеги автоунааларды кайра каттоо онлайн тартипте буга чейин эле иштеп келген. Жаран Түндүк тиркемеси аркылуу арыз берет, унаа тууралуу маалыматтар мамлекеттик базалардан автоматтык алынат. Кошумча техникалык кароо талап кылынбайт. Система маалыматтарды текшерип, унааны жаңы ээсине онлайн каттайт. Каттоо аяктагандан кийин жаранга билдирүү жөнөтүлөт.
Жаңы тартип каттоо процессин толугу менен жөнөкөйлөтүп, жарандардын убактысын үнөмдөөгө, транспорт чыгымдарын азайтууга жана кезектерди болтурбоого багытталган.

