Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыОоган өлкөсүндө «Талибан» аймактарда кабельдик интернетти өчүрө баштады

Ооган өлкөсүндө «Талибан» аймактарда кабельдик интернетти өчүрө баштады

«Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясында кабелдик интернет кызматын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Khaama Press басылмасы губернатордун басма сөз катчысы Хаджи Зайдга шилтеме берүү менен жазды. Анын айтымында, чечим борбордук бийлик тарабынан «пороктордун алдын алуу» максатында кабыл алынган.

Мазари-Шариф шаарында дүйшөмбүдөн тарта Afghanistan Telecom жана башка кабелдик провайдерлер ишин токтотуп, калк мобилдик интернетке гана таянууда. Бул чечим мамлекеттик онлайн кызматтарды, банктарды, аралыктан окутууну жана ишкердик активдүүлүктү олуттуу чектеди.

Кийинчерээк Кандагар жана Гильменд провинцияларында да оптоволокондук интернет өчүрүлгөнү кабарланды. Гераттын тургундары болсо интернет ылдамдыгы кыйла начарлаганын билдиришкен.

Маалыматка ылайык, Афганистан оптоволокондук байланыш менен беш коңшу өлкөгө туташкан. Мурдагы өкмөт бул тармакка болжол менен 150 миллион доллар инвестиция салган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар