Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда 15-мартта биринчи жолу Аталар күнү майрамдалат

Кыргызстанда 15-мартта биринчи жолу Аталар күнү майрамдалат

Кыргызстанда 15-мартта — Аталар күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Министрлик билдиргендей, 15-мартта саат 12:30да Т. Сатылганов атындагы филармонияда “Аталар күнү” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

«Аталган иш-чара кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстанда Аталар күнү негизделген. Ал быйыл биринчи жолу майрамдалат. Аталар күнү эс алуу күнү болбойт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар