whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТрамп Сириянын убактылуу президенти менен жолугушту

Трамп Сириянын убактылуу президенти менен жолугушту

Американын президенти Дональд Трамп Сауд Аравияда Сириянын убактылуу президенти менен жолукту.

Бул жолугушуу акыркы 25 жыл ичиндеги эки өлкө лидерлеринин алгачкы расмий байланышы болуп калды. Бул тууралуу Associated Press жана башка дүйнөлүк маалымат каражаттары кабарлашты.

CNN агенттиги жазгандай, Сауд Аравиянын жогорку даражалуу өкүлдөрү жолугушууну “бардык деңгээлде өтө позитивдүү” деп баалашкан.

Жолугушуудан кийин Ак үйдүн расмий өкүлү Кэролайн Левитт билдиргендей, Трамп Сирия өкмөтүн Ибрахим келишиминин алкагында Израиль менен мамилелерди нормалдаштырууга жана “Ислам мамлекети” террордук уюмунун кайра жаралышына жол бербөөгө чакырган.

“Сирияга дагы бир мүмкүнчүлүк берүү керек,” — деген Трамп. Ал ошондой эле америкалык компанияларды Сириянын мунай жана газ тармагына инвестиция салууга үндөдү.

Ахмед аш-Шараа өз кезегинде Сирияны “Чыгыш менен Батышты байланыштырган маанилүү соода түйүнүнө айлантуу” ниетин билдирип, АКШ менен стратегиялык келишим түзүү демилгесин көтөрдү. Бул келишим АКШ менен Украинанын ресурстук кызматташтык модели боюнча түзүлүшү мүмкүн экенин The Times жана Reuters булагы мурда жазган.

Жолугушууда тараптар Газа тилкесиндеги согуштук абалды жана Россия менен Украинанын ортосундагы аскердик кагылышуу маселелерин да талкуулашты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар