Өкмөт “Манас Ордо” комплексинин оңдоо иштерин көрдү

Бүгүн, 24-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексине барып, жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Белгиленгендей, жалпы суммасы 1 млрд 300 млн сомду түзгөн реконструкция иштеринен кийин “Манас Ордо” комплекси күнүнө 10 миңге чейин зыяратчыны кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Курулуш иштерин 2026-жылдын июль айында аяктоо пландалууда.

Иш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Талас облустук юстиция башкармалыгынын жаңы административдик имараты – “Юстиция үйүн” расмий түрдө ачты. Республикалык бюджеттин эсебинен курулган имарат заманбап талаптарга жооп берип, бардык зарыл шарттар менен камсыздалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз