Башкы беткеСаламаттыкты сактооКыргызстанда кургак учук 3 эсеге азайды

Кыргызстанда кургак учук 3 эсеге азайды

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны туруктуу түрдө азайып жатканы байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, учурда кургак учук менен ооругандардын көрсөткүчү калктын ар 100 миңине 55,1 учурду түзүүдө. Салыштыра кетсек, эң жогорку көрсөткүч 2001-жылы катталып, анда 100 миң адамга 168 учур туура келген. Акыркы 20 жыл ичинде бул ооруга чалдыккандардын саны дээрлик 3 эсеге азайганы белгиленди.

Мындан тышкары, кургак учукка каршы күрөш мамлекеттик деңгээлде активдүү колдоого алынууда. Өкмөт эл аралык уюмдар менен биргеликте ооруну алдын алуу жана дарылоо багытында техникалык жана каржылык жардам көрсөтүп келет.

Ошондой эле саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында колдонулган бардык вакциналар республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алына турганын маалымдады.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар