«Жооптуу бол!» аталышындагы республикалык айлык башталды

Саламаттык сактоо министрлиги 18 жаштан жогорку эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын коркунуч факторлорун аныктоого багытталган «Жооптуу бол!» аталышындагы республикалык айлыктын башталганын жарыялады.

Акциянын алкагында эркектерге жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлору, Жалпы дарыгерлик практика борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана фельдшердик-акушердик пункттарга кайрылып, алдын алуу консультацияларынан өтүү сунушталат.

2025-жылы өлкө боюнча 973 000ден ашык эркек профилактикалык скринингден өтүп, алардын ичинен:

  • 119 600 эркекте кан басымы жогорулаганы аныкталган,

  • 49 600 эркек жүрөк-кан тамыр ооруларынын жогорку тобокелдигинде болгон,

  • 60 800 эркек кант диабетинин жогорку тобокелдигинде болгон.

Ошондой эле 2025-жылы 15 388 адам биринчи жолу артериялык гипертензия, ал эми 7 364 адам кант диабети диагнозу менен каттоого алынган. Жүрөк-кан тамыр оорулары өлкөдө 16 644 өлүмгө себепчи болгон.

Министрлик эркектерди ден соолугуна жооптуу мамиле кылууга жана профилактикалык текшерүүлөрдөн өтүүгө чакырат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз