2-февралда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн вице-премьер министри, КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусунун медициналык мекемелеринин жетекчилерине 20 жаңы автоунаа тапшырды.
Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, автоунаалар бейтаптарга тез жардам көрсөтүүнү жана медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын бекемдөөнү камсыздоо максатында бөлүнгөн.
Автотранспорт төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
Нарын облустук бириккен оорукана (төрөт бөлүм) — 3 автоунаа
Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору (г. Нарын, Кара-Кужур, Орук-Там) — 4 автоунаа
Нарын облустук туберкулез менен күрөш борбору — 1 автоунаа
Нарын облустук соттук-медициналык экспертиза бюросу — 1 автоунаа
Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлер борбору (ФАП Торугарт, төрөт бөлүм) — 3 автоунаа
Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер борбору (Кош-Добой айылдык аймак, төрөт бөлүм) — 3 автоунаа
Жумгал райондук жалпы дарыгерлер борбору (Миң-Куш айылдык аймак, төрөт бөлүм) — 3 автоунаа
Кочкор райондук жалпы дарыгерлер борбору (төрөт бөлүм) — 2 автоунаа
Камчыбек Ташиев автоунааларды тапшырууда ден соолукту сактоо системасын туруктуу колдоо зарылдыгын белгилеп, кызматтык транспорт медициналык мекемелердин оперативдүү иштешине өбөлгө түзөөрүн айтты.
Ведомствонун маалыматына караганда, буга чейин автоунаалардын жетишсиздиги облустун медициналык жардамын үзгүлтүксүз көрсөтүүдө кыйынчылыктарды жараткан.


