Жүрөккө бычак тийгизбей операция биринчи ирет жасалды

Кыргызстанда биринчи жолу жүрөктүн митралдык клапаны катетер менен алмашты. Мурда кыргызстандык бейтаптар мындай операция жасатуу үчүн чет өлкөгө барышчу. Адистер митралдык клапанды скальпелсиз алмаштыруу кыргыз медицинасы үчүн чоң жаңылык экенин белгилешет.

Жүрөктүн сол карынчасы менен сол дүлөйчөнүн ортосунда жайгашкан митралдык капкакча (клапан) канды артка кетирбей көзөмөлдөп турат. Адистер аны бычак тийгизбей алмаштырган TMVR (Transcatheter Mitral Valve Replacement) ыкмасына Кыргызстан коңшуларынан биринчи болуп өткөнүн айтышууда.

Кыргыз дарыгерлери митралдык клапанды катетер менен алмаштырууну чет элдик кесиптештеринен үйрөнгөн.
Кадиохирургдар бул ыкма кыргыз медицинасы үчүн чоң жаңылык экенин деп баалап жатышат. Адистер айтымында, мурда клапанды алмаштыруу үчүн көкүрөктү ачууга туура келчү. Азыр болсо клапанды жоон сандагы кан тамырга киргизген катетер менен алмаштыруу чоң мүмкүнчүлүк, чоң кадам. Бул операция Орто Азияда биринчи жолу бизде жасалды. Мурда жүрөгүнөн операция болгон адамдар кезектегисин көтөрө албай калышы мүмкүн. Ошон үчүн бейтаптарга ушул операция сунушталып, алар аргасыз чет өлкөгө барышчу. Азыр болсо өз өлкөсүндө коопсуз операция болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Эске салсак, Кыргызстанда жүрөккө операцияны биринчи жолу 1959-жылы 19-майда жасалган. Академик Иса Ахунбаев жана анын шакирттери жасап, ошондон бери бул дата кыргыз кардиохирургиясынын туулган күнү катары белгиленет. Жүрөктүн митралдык клапанын катетер менен алмаштырган операция биринчи болуп 1999-жылы АКШда жасалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз