Башкы беткеСпорт жана туризмТуризмКыргызстанда эл аралык альпиниада өтөт

Кыргызстанда эл аралык альпиниада өтөт

2026-жылдын 1-майында Кыргызстандын Альпинизм федерациясы эл аралык альпиниада уюштурат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага 20 өлкөдөн өкүлдөр чакырылып, 2 миңден ашуун адам катышары күтүлүүдө. Иш-чара Чуңкурчак капчыгайынан башталып, жаңы табылган чокуга жүрүш менен уланат. Азырынча бул чоку «Альпиниада чокусу» деп аталып, анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 4010 метрди түзөт.

«Кыргызстан – тоо туризминин мекенине айлана турган зор потенциалы бар өлкө. Бул тармак дүйнө жүзүндө эң кирешелүү багыттардын бири болуп эсептелет. Анткени тоону сүйгөндөр, альпинизм менен алектенгендер жана бийик чокулардан өзгөчө эмоция издегендер мындай сапарларга ири каражат жумшоого даяр. Мисалы, Эверест чокусуна чыгуу үчүн адамдар чоң суммадагы каражат сарпташат.

Албетте, ар бир альпинист Эверестти багынта албайт. Бирок 5–6 миң, ал тургай 7 миң метрлик чокуларга чыгууга кызыккандар өтө көп. Бул жагынан алганда, Кыргызстан уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бизде 4 миң метрден баштап 7,5 миң метрге чейинки көптөгөн чокулар бар.

Өлкөбүздө тоо туризминин бардык негизги түрлөрүн өнүктүрүүгө шарт бар. Алар: хайкинг, треккинг, альпинизм, музга чыгуу, рок-клаймбинг, тоодо лыжа менен жүрүү (ski touring) жана экспедициялык туризм», — деди Орунбеков.

Мындан тышкары, Ак-Сай капчыгайы альпинисттер үчүн популярдуу машыгуу жайы болуп эсептелет. Бул жерге чет өлкөлөрдөн да адистер келип машыгышары белгиленет. Мындай иш-чаралар өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытып, туристтерди тартууга өбөлгө түзөт.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар