Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда түзүлгөн “Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.
Аталган мыйзам 2026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Кредиттик макулдашууга 2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган.
Макулдашууга ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 187,5 млн сауд риалы өлчөмүндө жеңилдетилген кредит берилет. Бул каражат 50 млн АКШ долларына барабар. Кредит 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгил менен, жылдык 1,5 пайыздык үстөк ченинде берилет. Каржылоо АКШ долларында жүргүзүлөт.
Каражаттар мамлекеттик билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүгө жана жаңылоого, мектептердеги орундардын тартыштыгын жоюуга, ошондой эле окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга ылайыктуу шарттарды түзүүгө багытталат.
Долбоордун экинчи фазасынын алкагында:
- Бишкек шаарында 5 жаңы жалпы билим берүүчү мектеп куруу;
- Даяр мектептерге 7 кошумча окуу корпусун салуу;
- Чүй облусунда 150дөн 1000 окуучуга чейинки сыйымдуулуктагы 2 жаңы мектепти куруу пландалууда.
Бул долбоор калктын өсүшүнө байланыштуу билим берүү мекемелерине болгон суроо-талапты азайтып, өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошот.

