Эртең, 11-февралдан баштап Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин аймагында товарларды ташууда навигациялык пломбаларды милдеттүү түрдө колдонуу тартиби күчүнө кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы талаптар Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине жана ЕАЭБдин навигациялык пломбаларды колдонуу тууралуу макулдашуусуна ылайык киргизилүүдө. Пломбалар этап-этабы менен колдонулат.
Биринчи этапта милдеттүү товарлар. Навигациялык пломбалар төмөнкү товарларды автоунаа жана темир жол аркылуу ташууда милдеттүү болот:
- алкоголдук продукция;
- тамеки жана тамеки буюмдары;
- ЕАЭБге мүчө өлкөлөр тарабынан атайын экономикалык чаралар колдонулган товарлар.
Кыргызстанда пломбалар кайда орнотулат? Автомобилдик ташууларда — кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттарына жакын товарларды эсепке алуу жайларында:
Чалдыбар, Ак-Жол, Ак-Тилек, Чоң-Капка, Каркыра.
Темир жол аркылуу ташууларда — вагондор жүктөлгөн учурда төмөнкү станцияларда: Бишкек-1, Аламүдүн, Балыкчы, Кара-Балта, Кайыңды, Беловодская, Шопоков, Кант, Токмок.
Пломбалар качан алынып салынат?
- автоунаа менен ташууда — товар алуучунун аймагында;
- темир жол аркылуу — көрсөтүлгөн станцияларда вагондор түшүрүлгөндө.
Ташуучулар, жөнөтүүчүлөр же экспедиторлор пломба орнотулуучу жерге келерден кеминде 6 саат мурда Салык кызматына керектүү маалыматтарды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүгө тийиш:
plomba.eaes@salyk.kg
Навигациялык пломбага жүктөлө турган маалыматтардын тизмеси жана ишкер субъекттердин Салык кызматы менен өз ара аракеттенүү тартиби sti.gov.kg сайтындагы “Билимдер базасы” – “ЕАЭБдин алкагындагы навигациялык пломбалар” бөлүмүндө жайгаштырылган.
Салык кызматы тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулар берилген маалыматтардын тактыгына жана товарларга шайкештигине жеке жоопкерчилик тартаарын эскертти.
Тарифтер боюнча — улуттук оператор “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ААКнын gti.kg сайтындагы байланыштар аркылуу, ал эми кошумча суроолор боюнча 116 же 0312 62-21-07 номерлерине кайрылууга болот.

