Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте өтө турган кыргыз-монгол бизнес форумуна ишкерлер чакырылат

Бишкекте өтө турган кыргыз-монгол бизнес форумуна ишкерлер чакырылат

21-июлда Бишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтөт. Иш-чара Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өтөт. Бул тууралауу Соода-өнөр жай палатасы кабарлады.

Форумдун алкагында кыргыз жана монгол компанияларынын ортосунда B2B-жолугушууларды өткөрүү каралган.

Иш-чара Монголиянын улуттук соода-өнөр жай палатасынын көмөгү менен уюштурулуп, эки тараптуу экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана түз ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

Катышууга төмөнкү тармактарда иштеген компаниялар чакырылат:

  • маалыматтык технологиялар (МКТ),
  • айыл чарба өнөр жайы,
  • тамак-аш өнөр жайы,
  • логистика жана транспорт,
  • туризм ж. б.

Иш-чарага катышууга арыз берүү үчүн бул шилтемедеги форманы толтуруу керек.

Каттоо жана кошумча маалымат алуу үчүн байланыш: +996 709 868 935

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар