whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЖүз күн. Ишенимдүү кадамдар, үзүрлүү иштер

Жүз күн. Ишенимдүү кадамдар, үзүрлүү иштер

Адылбек Касымалиевдин Министрлер Кабинетинин төрагасы кызматына киришкенине 100 күн толду. Тээ Наполеон доорунан бери 100 күндүк ишмердүүлүктү талдоонун саясий традициясы бар. Жаңы төрага дасыккан экономист, тажрыйбалуу адис экенин жана дүйнөлүк экономикадагы күн тартибин жакшы биле турганын көрсөтө алды. Эксперттердин пикирине таянып, негизги учурларды кыска баяндап көрөлү. 3 ай ичиндеги экономикалык көрсөткүчтөр реалдуу мүнөздөмө бере албайт, а көрөк багыттамасы мааниге ээ.

Башкаруу философиясы – реализм

“Биз эч качан Кыргызстандын экономикасын айрым өлкөлөрдүн “универсалдуу рецепттерине” ылайыкташтырууга аракет кылбайбыз. Кыргызстан – бул Кыргызстан!”. Абай салган кишиге А.Касымалиевдин бул сєзү күчтүү билдирүү. ªнүккөн өлкөлөрдүн тигил же бул учурлардагы ийгиликтүү моделдери, изги тажрыйбалары жетиштүү. Сөзсүз эске ала турган мисалдар, тигил же бул проблемаларды чечүүнүн мыкты жолдору, апробацияланган методдору, сынактан өткөн ыкмалары бар. Бирок ошол үлгүлөрдүн, мыкты делген тажрыйбалардын баары эле бардык учурда бардыгына чак келе бербейт. Универсалдуу чындык ушунда турат. Кыргызстан суверенитет калыбына келген 33 жыл ичинде түрдүү моделдерди өзүнө ченеп көрдү. Маселен, постиндустриалдык коомдорго мүнөздүү айрым нерселерди базар экономикасына жаңы өтө баштаган бизге жарашпаса да колдондук. Ашынган либерализм өнөр жайын талоонго учуратты. Экономикалык моделдердин бири имитациялык (системалардын анализи менен синтези айкашкан ыкма) деп аталат. Муну да бурмалап, белимчилик деп түшүнүп, аа, ушу сонун экен деп туурап кирген учурлар да болуп келген. Кабинеттин башчысы Кыргызстандын өзүнүн өзгөчөлүктөрү, көйгөйлөрүнө жараша чечимдерди, мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы артыкчылыктарды издейбиз жана табабыз деди. Туура, анткени бизди курчап турган дүйнө тынымсыз өзгөрүп, геосаясий кырдаал да ушуну талап кыла тургандыгын белгиледи.

Ошондуктан Министрлер Кабинетинин жетекчиси А. Касымалиевдин универсал рецептерди издебей, дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалар менен бирге бизге ылайыктуу, оптималдуу ыкмаларды туура колдонуу парадигмасы көптөн үмүттөндүрөт.

Так аныкталган чакырыктар

Баш министр дагы бир реалдуулукту – өнүгүү жолу өргө карай жол болгондуктан, абдан татаал экенин даана түшүнгөнүн көрсөттү. Кабинеттин алдындагы максаттарды, маселен ички дүң продукттын көлөмүн жан башына 2,5 миң доллардан 4 миң долларга чейин жеткирүү, консолидацияланган бюджеттин көлөмүн азыркы 704 млрд. сомдон 2030-жылы 1 трлндон ашыруу же жакырчылыктын деңгээлин 17 пайызга чейин кыскартуу оор түйшүк. Айрыкча жакырчылыкты азайтуу кыйын маселе. Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн максаттарында белгиленген максаттардын бири — жокчулукту азайтуу. Бул максатка адамзат али жакындай элек. Демек, Кыргызстандын бийлиги алдына койгон милдет кайсы бир деңгээлде амбициялуу. Ошентсе да соңку үч жыл ичиндеги олуттуу өзгөрүүлөр, өлкөнүн өнүгүү динамикасы кабинет батынган максатка жетүү реалдуу экенинен үмүттөндүрөт.

Адылбек Касымалиев өзү белгилегендей, “даңгыр жолдо жалгыз бара жаткан жокпуз. Ушул жолдо өнөктөштөр, санаалаштар жана жол талашкан конкуренттер да бара жатат. Ошону менен бирге геосаясий жана геоэкономикалык сыноолор, санкциялар, экономикалык изоляциялык тобокелдиктер, климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк, энергия жана сууга муктаждыктын күчөшү, технологиянын бардык чөйрөдөгү ролунун жогорулашы, ар түрдүү идеологиялык моделдердин таасири ж.б. ушуга окшогон чакырыктар бар”. А. Касымалиев санаган чакырыктардын ар биринин масштабы эбегейсиз, мүнөзү катаал. Жол талашкан конкуренттер боло келген, мыйзамченемдүү процесс, атаандаштыктын күчөмөгү анык тенденция. Ал эми геосаясий оюндар болжоп болбой турган татаал кубулуш. Кечээ эле санкциялар тээ алыскы өлкөлөр ортосундагы соода мамилелердин парадоксу деп тоотпой келгенбиз. Эми минтип күн тартибине чыгып, ар бир товарга, анын кайдан чыгып, ким аркылуу кайда, кантип баратканына, ал тургай интеллектуалдык кызматташтыкты да үңүлө карап, өтө аяр болууга, а демек бир топ нерседен олчойгон пайдасына карабай баш тартууга мажбурлап отурат. Тышкы соодада ашкере сактык колду байлайт, өнөктөштөр менен мамилеге кай бир деңгээлде доо кетирет. Кыскасы, биздин өлкөнүн Министрлер Кабинетинин алдында чоң тоскоолдуктар туру. Бирок ошол тобокелчиликтерди жана чакырыктарды баамдоо, баалоо, түшүнүү менталдык гана маселе эмес, жоопкерчиликтүү мамиленин белгиси. Экинчиден, чакырыктар так аныкталса, чечүүнүн жакшы жолу табылса, проблемалар шанска айланма касиетке ээ.

Логистика

Министрлер Кабинетинин башчысы проблемалардын башка аспектисин да жаңыча көз караш менен белгиледи. Алар – фискалдык дефицит; экспорт-импорт балансында тескери сальдо (импорттон көз карандылык); жаңы технологиялардын жетишсиздиги, инвестициянын тартышсыздыгы. Тышкы дүйнө менен соодада  тескери сальдо экспортту күчөтүү аркылуу гана азаят. Импортко караганда экспорттун көлөмүнүн ашык болушуна жетишүү оор проблема. Конкурентке туруштук бергидей товарларды өндүрүү жана сатуу бүтүндөй системаны талап кылат. Экспортко арналган товарлардын өндүрүү процессин да, өндүрүүчүнү да колдоонун бүтүндөй комплекси талап кылынат. Макул, мыкты товарларды, экологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрдүк дейли, бирок баш министр белгилегендей рыноктор үчүн болгон күрөш дагы күчөйт. Ошондуктан өндүрүлгөн продукцияны Кытай, Евразия мейкиндигине жайылтуу-да соода-логистикалык борборлор, эл аралык соода аренасында сабаттуу маркетинг чечүүчү мааниге ээ. Соңку 3 ай ичинде эле Кытай менен биргелешкен логистикалык борборлор, инфрастуруктуралар курула баштады.

Кадрлар баарын чечет

Баш министр А. Касымалиев эмгек ресурстарынын тартыштыгы жараларын туура баамдады. Казакстандын акылгөй эксперттери 2030-жылдан тартып суу тартыштыгы жана кесипкөй адистердин жетишсиздиги эң оор проблема экенин белгилешет. Биздин президент демилгелеген улуттук мега долбоорлор да  квалификациялуу адистерге болгон тартыштык күчөп, жумушчу күчү жетишпей да калышы толук ыктымал. Кабинеттин жетекчиси А. Касымалиев ишке киришкен алгачкы күндөрү кесиптик компетенциясы жетиштүү адистерди даярдоо, аларды колдоо саясатын иштеп чыгуу тууралуу тапшырма берип, көңүл бура баштады.

Динамика

Адылбек Касымалиевдин Министрлер Кабинетинин төрагасы катары жасаган эң ири жана өнүгүү үчүн зор мааниге ээ кадамдардын бири – бул ашыкча бюрократияны жана тоскоолдуктарды жоюу. Ал өзү белгилегендей, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун темпине шайкеш иштөө зарыл. Ык-шоолук жарашпайт. Эчен жылдан бери калыптанган бюрократиялык тосмолор, ашыкча механизмдерден арылуу абзел. Бюрократиялык тосмолордон кутулуу аракеттери чечкиндүү жана ишенимдүү экенин белгилешет адистер.

Сыргак ЭСЕНБЕК

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар